Мурун бүтүү

Мурун бүтүү — мурундун былжыр челинин сезгениши; мурундан былжыр суюктук көп чыгып, дем алуу кыйындайт, М. б. катуу кармаган жана өнөкөт болот. Катуу кармаган М. б. микроб козгогон өз алдынча оору; кээде айрым жугуштуу (грипп, кызамык, скарлатина, кептөөр жана башкалар) же аллергиялык оорулардын белгиси катары пайда болот. Суук тийүү мурундун бүтүшүнө түрткү болот. Катуу кармаганда адатта мурундун эки таноосу тең жабыркап, оорулуу чүчкүрө баштайт, тамагы жана кеңилжээри кычышып, кээде эти ысыйт (37,5°ка). Оору башталгандан бир нече сааттан (көбүнчө 1 — 2 күндөн) кийин мурундан суу куюлуп, үнү өзгөрүлөт (киңкилдеп сүйлөйт), жыт сезбей калат. Чеке же көз чарасы ооруйт. Айрыкча эмчектеги балдарда оор өтөт.

Мурун менен дем алуунун кыйындашы баланын абалын начарлатат: бала чыргоолонуп, начар уктайт. Балдардын мурду бүткөндө сезгенүү кулак, тамак, бронхторго, өпкөгө чейин таралышы мүмкүн. Чоң адамдар үчүн да мурун бүтүү коркунучтуу. Врачтын көрсөтмөсүн так аткарбаса сезгенүү процесси өнөкөткө өтүшү ыктымал. Өнөкөт. М. б. катуу кармаган М. б-нүн улам кармай беришинен, мурундун былжыр челин дайыма чаң жана газдын дүүлүктүрүүсүнөн (кесиптик мурун бүтүү), аденоидде, мурундун туура эмес жайгашышынан (мурун сөөгү кыйшайганда), мурундун кошумча кобулдарынын ириңдүү сезгенишинен (гайморит, фронтит) жана башкалар пайда болот.

Өнөкөт М. б. катуу кармаганга караганда бир аз жеңилирээк өтөт. Нерви бошоң жана өтө жыт сезгич адамдарда аллергиялык же вазомотордук М. б. кездешет. Мындай ноокастын капысынан мурдунан суу агып, көзү кызарат жана башкалар Дарылоону врач жүргүзөт. Былжыр челдеги шишикти азайтуу жана дем алууну жеңилдетүү үчүн врач сунуш кылган кан тамырды тарытуучу суюк дарыларды мурунга тамызуу керек. Оорулуу катуу чимкирүүгө болбойт, анткени инфекция ортоңку кулакка кирип кетиши ыктымал.

Оорунун алгач башталышында эле төшөккө жаткырып жакшы багуу, бал же дан куурайдын кыямы менен ысык чай берүү керек. Алдын алуу үчүн бала кезден денени чындоочу чараларды колдонуп, спорт менен машыгуу сунуш кылынат. Үй шартында жана өндүрүштө өздүк тазалыкты так сактоо чоң мааниге ээ. Чаңдуу жерде иштегендер маска тагынуу зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)