Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Мураталиев Муса

Муса Мураталиев - советтик, кыргыз жана орусиялык жазуучу, котормочу жана журналист. Орусия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер (1998ж.).

Жазуучу Муса Мураталиев Ат-Башы айылында 1942-жылы 15-февралда туулган. Мектепти бүтүргөндөн кийин геологиялык чалгындоодо металл ченегич, бетончу, электр оңдогуч, гезитте адабий кызматкер болуп иштеген.

1970-жылы Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтун ийгиликтүү бүтүрүп келгенден кийин «Советская Киргизия» гезитинде кабарчы, телекөрсөтүүдө, Жаңылык Басылмалар Агенттигинин АПН Кыргыз ССРи боюнча бөлүмүндө өз кабарчы болуп иштеген. 1974-жылдан М. Мураталиев СССР Жазуучулар союзунда кыргыз адабияты боюнча кеңешчиси болгон.

М. Мураталиев бир топ прозалык жыйнактардын автору. Жазуучунун кээ бир чыгармалары француз, немис, поляк, литва, латыш, фарс ж. б. тилдерге которулган.

1942-жылы Кыргызстандын Нарын обулусуна караштуу Ат-Башы районундагы токой чарбасында иштеген үй-бүлөдө туулган.

1959-жылы Нарын шаарынын Токтогул атындагы орто мектепти бүтүргөндөн кийин Чүй өрөөнүндөгү геологиялык Чымбулак партиясына таандык экспедицияда металлометрист болуп иштеген.

1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин кечки бөлүмүнө өтүп аны 1967-жылы бүтүргөн.

1964-жылы Кыргыз ССР Коомдук тартипти сактоо министрлигинин органы «Дзержинчи» гезитинде адабий кызматкер болгон.

1965-жылы Москвадагы М. Горький атындагы адабий институтунда окуп, 1970-жылы бүтүргөн.

1970-71-жылдары «Советская Киргизия» гезитинин Тянь-Шань обулусу боюнча өз кабарчысы болуп иштеген.

1971-72-жылдары Кыргыз ССР министрлер советинин телевидение жана радио уктуруу боюнча Мамлекеттик Комитетинде адабий берүүлөр редактору болгон.

1972-74-жылдары АПН агенттигинин Кыргыз CCРи боюнча өз кабарчысы болуп келген.

1974-92-жылдары СССР Жазуучулар Союзунун башкармасында СП СССР кыргыз адабияты боюнча кеңешчи болуп турган.

1992-97-жылдары СССР Жазуучулар Союзу таркатылгандан соң Жазуучулар Союздары уюмунда ССП түрк тилиндеги адабияттар боюнча кеңешчи болуп иштеген.

1997-2005-жылдары Москвадагы Щепкин М. С. атындагы театралдык жогорку окуу жайында сабак берген.

1993-2011-жылдары "Азаттык" радиосуна Орусиядагы (штаттан сырткары) кабарчысы болгон.

1974 жылдан СССР Жазуучулар Союзунун катарында болгон.

1997 жылдан Москва Жазуучлар Союузуна мүчө.

2011 жылдан Орусиялык ПЕН-центринин мүчөсү болгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)