Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Муратаалы Күрөңкөй уулу

Муратаалы Күрөңкөй уулу(1860, Жети-Суу облусу, Каракол уезди, Талды-Булак айылы —1949, Кемин району, Кара-Дөбө айылы) - залкар комузчу, кыл кыякчы, чоорчу. Кыргыз ССР эл арт. (1939). Ата-бабасы өнөрпоз адамдар болгон. Чоң атасы, өз атасы да кернейде, сурнайда, чоордо, комузда, кыл кыякта, домбрада мыкты ойноп, күү да чыгарышкан. М. 15 жашынан эл аралап, жыйындарда комуз черткен. 1922-жылы Караколдо комузчулар ийримин жетектеген. 68 жашында Бишкекке чакырылып, 1928—36-жылы Кыргыз театрында музыкачы болуп иштеген.

1936-жылы Кыргыз филармониясынын эл аспаптар оркестринде кыл кыякта ойногон. 1939-жылы Кыргыз иск-восунун Москвада өткөн декадасына катышкан. М. черткен жана чыгарган күүлөр тарыхый, турмуштук жана обондуу күүлөргө бөлүнгөн. Турмупггук программалуу күүлөрдөн «Түнкү күзөт», «Кечки жайлоодо», «Ак токту», эпикалык тарыхый чыгармалардан «Ак кочкор каңкы», «Мендирман», «Акимкан», обондуу күүлөрдөн «Шырылдаң», «Бекбекей», «Бешик ыры», «Селкинчек», «Кошок» жана башкалар черткен. «Ботой», «Кербез», «Камбаркан», «Шыңгырамалардын» ондогон классикалык үлгүсүн чыгарган. Домбрада да ойной билген. М. терме, насыят ырларды ырдап, «Кыз Дарыйка», «Алпамыш баатыр» деген дастандарды, «Залзал», «Зоркуш» өңдүү жомокторду айткан. Бишкекте анын ысымында көчө, музыкалыкхореографиялык окуу жайы, Кемин рнунда колхоз аталган.

Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)