Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Муратаалы Күрөңкеев

Баш барак | Биографиялар | Муратаалы Күрөңкеев

Муратаалы Күрөңкеев (1860-жыл, 2-январь, мурдагы Жети-Суу облусу, Каракол уезди, Талды-Булак айылы, учурдагы Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району — 1949-жыл, 12-январь, Чүй облусу, Кемин району, Чоң-Кемин, Кара-Дөбө айылы) — кыргыз композитору, кыргыз музыкалык аспаптарынын аткаруучусу жана башатчысы, комузчу, кыл кыякчы, чоорчу жана акын.

Мазмуну
Муратаалы Күрөңкеев
Муратаалы Күрөңкеев
Төрөлгөн датасы1860-жыл, 2-январь
Төрөлгөн жеримурдагы Жети-Суу облусу, Каракол уезди, Талды-Булак айылы, учурдагы Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кыргызстан
Адистигиакын, музыкант
Каза болгон датасы1949-жыл, 12-январь (89 жаш)
Каза болгон жериЧүй облусу, Кемин району, Чоң-Кемин, Кара-Дөбө айылы

Өмүр баяны

Муратаалы Күрөңкеев учурдагы Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районуна караштуу Талды-Булак айылында төрөлгөн. Фамилиясы Күрөңкөй уулу, Күрөңкөев, Көрөңкөев деп дагы жазылып калат.

Бул адамдын ким экенин көбүңөр билесиңер керек. Ал музыканы, өзгөчө кыргыз эл музыкасын кесип кылып келген үй-бүлөдө төрөлүп өзү дагы музыканын ушул тармактары менен алектенген чыгармачыл адам.

Ата-бабасы өнөрпоз адамдар болгон. Чоң атасы Белек, анын атасы Жанкиши жана өз атасы Күрөңкөй кыл кыяк, керней, сурнай, чоор тарткан, домбра, комуз черткен өнөрпөз адамдар болушкан. Күрөңкөйдүн ысмы чоң комузчу катары көпчүлүккө кеңири таралган. Чыгармачылыкка ошол өз атасы Күрөңкөйдөн таалим алган (1826—1907). Жаш курагында эле атактуу болуп, кеңири репертуардагы элдик музыкаларды аткарып, 80дей чыгарма жараткан. Муратаалы 10-11 жашка чыкканда эле темир комуз кагып, чоор тартып өз теңтуштары гана эмес, айылдык жаштардын жыйындарына да катыша баштайт.

15 жашка келгенде Муратаалы эл аралап, жыйындарда комуз чертип, кыл кыяк тартууну да жакшы өздөштүрүп калган. 1916—1918-жылдардагы көтөрүлүштө Кытайга качып, ошол жакта болгон (?).

1922-жылы анын жетекчилиги менен азыркы Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында комузчулар ийрими уюштурулуп, аны жетектейт. 1929-жылы М. Күрөңкеев борбор шаарыбыздагы Кыргыз драма студиясында, кийинчерээк Кыргыз драма театрында оркестрдин артисти болуп иштеген.

68 жашында Бишкекке чакырылып, 1928—1936-жылдары Кыргыз театрында музыкачы болуп иштеген.

1936—1940-жылдары Кыргыз филармониясынын солисти, бир далай шакирттерди тарбиялаган.

1936-жылы Кыргыз филармониясынын эл аспаптар оркестринде кыл кыякта ойногон. 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасына катышкан.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында кыргыз эл аспаптар оркестри уюшулган күндөн тартып өзү ардактуу эс алууга кеткенге чейин ошол жамаатта үзүрлүү эмгектенген. СССР композиторлор союзунун мүчөсү.

1949-жылдын 12-январында каза болгон.

Муратаалы Күрөңкеев

Чыгармачылыгы

Муратаалы Күрөңкеевдин күү чыгаруу өнөрүнүн арымдуулугу, кыргыздын музыкасынын жаралышы өнүгүп-өсүшү жөнүндө маалыматты кеңири билгендиги үчүн аны «Кыргыз музыкасынын атасы» деп коюшат.

Ал черткен жана чыгарган күүлөр тарыхый, турмуштук жана обондуу күүлөргө бөлүнгөн. «Шыңгырама», «Кер толгоо», «Кыз Кербез», «Көк сандал», «Кайырма» жана башка күүлөрдү жараткан. Турмуштук программалуу күүлөрдөн «Түнкү күзөт», «Кечки жайлоодо», «Ак токту», эпикалык тарыхый чыгармалардан «Ак кочкор каңкы», «Мендирман», «Акимкан», обондуу күүлөрдөн «Шырылдаң», «Бекбекей», «Бешик ыры», «Селкинчек», «Кошок» жана башкалар черткен. «Ботой», «Кербез», «Камбаркан», «Шыңгырамалардын» ондогон классикалык үлгүсүн чыгарган. Терме, насыят ырларды ырдап, «Кыз Дарыйка», «Алпамыш баатыр» деген дастандарды, «Залзал», «Зоркуш» өңдүү жомокторду айткан.

Муратаалы черткен жана тарткан күүлөр бөтөнчө шаңдуулугу жана терең мазмундуулугу менен айырмаланат. Анын аткарган чыгармалары — өткөн мезгилде жашаган чоң комузчу, кыякчылардын күүлөрүн бүгүнкү күнгө чейин бурмалабай жеткирүүнүн үлгүсү.

Анын күүлөрү симфониялык жана эл аспаптар оркестрлеринин аткаруусунда жаңырып, элибиздин сүйгөн чыгармаларына айланган.

Сыйлыктары

Эстелик

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1765, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-12-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо