Мурат Салихов

Салихов Мурат (туурасы Салыков) (1905, Баткен облусу, Баткен району, Рават кыштагы – 1938) – мамлекеттик жана саясий ишмер.

Кокон педтехникумун (1923), Ташкендеги Кыргыз агартуу институтун (1925) бүткөн.

1925–27-ж. Ош округдук комитетинин үгүтнасаат бөлүмүнүн башчысы.

1929–30-ж. Өзгөн райондук аткомунун, Ош округдук элге билим берүү бөлүмүнүн, Ош округдук аткомунун төрагасы, 1930–37-ж. партиялык кызматтарда. 1937-ж. Кыргыз Эл Комиссарлар советинин төрагасы.

1938-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Борбордук аткомунун төрагасы.

Ак жеринен айыпталып, репрессияланган. Агасы Салихов(Салыков) Дастан Тажик ССРинин юстиция министри болуп иштеген

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Бишкек 2003

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)