Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Мултимедиа

Мультимедиа

Multimedia

Текст, түс, график, анимация, аудио жана видеолордун ичинен экиден кем эмес элементти интегрлештирилген көрсөтүүлөрдүн же колдонмолордун програмдык жабдыктары мултимедиа деп айтылат.

Колдонуучудан баскычтоп тактасы же чычкан сыяктуу түзүлүшү аркылуу киргизилген сигналды кабыл алып, ага жооп катары кандайдыр бир аракет аткарган мултимедиа колдонмолору интерактивдүү мултимедиа болуп эсептелет.

Интерактивдүүлүгү жогору болгон мултимедиа колдонмолору, кандайдыр бир маселени аяктоо үчүн материалдар арасында темпке жараша ылдамдыкты камсыз кылат жана ал иш кантип аткарылып жаткандыгы тууралуу кабарлап турат. Мултимедиа колдонмолорунун көпчүлүгүнүн негизги түзүүчүсү болуп текст эсептелет. Мултимедиа колдонмолору негизги маалыматты көрсөтүү үчүн кадимки текстти эле колдонбостон маалыматты белгилөө жана түшүндүрүү максатында бир катар тексттик аспаптарды пайдаланат. Мисалы, айрым сөздөр же фразалардын асты сызылышы, ариптердин өлчөмү же тибинин өзгөртүлүшү, экрандагы тексттердин түрдүү блокторунда түрдүү түстөр пайдаланышы мүмкүн. Мултимедиа колдонуштарында тексттин түсүн эффективдүү пайдалануу менен көрсөтүү уюштурулат. Мултимедиа колдонуштары тексттик менюга негизделген баскычтар менен кандайдыр бир предметтеги маалыматтарды тез көрсөтүүдө дагы пайдаланылат.

Мултимедиа пакеттеринин кеңири колдонулганы Multi-media Tool-Book Asymetrix Corpo-ration. Тармактын жетишкендиктеринин бири мултимедианы кошуу мүмкүнчүлүгү эсептелет, ал текстти, графикти, видеону, анимацияны жана аудиону интегрлештирет. Бул жетишкендиктер тармакта иштөөчү маалыматтар түрлөрүн көбөйттү, тармакты колдонуу потенциалын кеңейтти жана Интернетке кызыгууларды арттырды.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)