Мукими Мухаммед Аминхожа

Мукими Мухаммед Аминхожа (1850 же 1851, Кокон – 25. 5. 1903, ошол эле жер) – өзбек акыны. Кокон, Бухара, Ташкент медреселеринен таалим алган. З. Фуркат менен бирге сынчыл акындар (Завки, Камил, Хорезми, Аваз жана башкалар) ийримин башкарган. Мукими алдынкы орус маданияты менен тааныш болгон. Сатиралык ырларында демократ катары айкын көрүнгөн. Буга анын «Ченчилер», «Шайлоо», «Ханга арыз», «Миң төбө эшенине сатира», «Виктор байга сатира», «Вексель», «Той» жана башкалар. ырлары мисал. М. өзбек адтындагы жол очеркин негиздеген. Анын «Саякат-наме» деген ыр менен жазылган чыгармасында өзү кыдырган өлкөнүн кооз табияты менен кедейлердин оор абалы карама-каршы коюлуп, салыштырылып сүрөттөлөт. «Кокондон Шахимарданга дейре», «Кокондон Ферганага дейре» деген өңдүү чыгармалары чындыктын негизинде жазылган. мененин негизги эстетикалык принциби турмуш чындыгын сүрөттөө болгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)