Мухтар Аскад

Мухтар Аскад (23. 12. 1920-жылы туулган, Фергана шаары) – өзбек жазуучусу. Орто Азия мамлекеттик университетин бүткөн (1942). Чыгармалары 1938-жылдан жарыялана баштаган. «Болот эритүүчү» (1947) поэмасы, «Болоттун шаары» (1950) аңгеме-очерк жыйнагы, «Дарыялар кошулган жерде» (1950) повести менен Мухтар өзбек адабиятында жумушчу темасын негиздеген.«Эже-сиңди» (1954) романында өзбек аялдарынын рухий турмушун, «Төрөлүү» (1961) романында ири курулуштардагы жаштардын эмгегин көрсөтөт. Мухтардын Өзбекстан, анын тарыхы, улут маданияты жөнүндөгү ой толгоолорун баяндаган «Чынар» романы (1969), Өзбекстандын Хамза атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1973) бар. «Каракалпак повести» (1958) менен «Өлбөстүк» (1969) поэмасы – тарыхый революциялык чыгарма. Акын катары да белгилүү А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, М. Горький, В. В. Маяковский өңдүү классиктердин чыгармаларын өзбек тилине которгон. М-дин айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)