Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мухаммед Кыргыз

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Мухаммед Кыргыз

16-кылымдын башындагы кыргыз уруу башчыларынын бири, атактуу Мухаммед Кыргыз жөнүндө эмне билесиңер? Мухаммед Кыргыз жөнүндөгү маалыматтарды Моголстандагы дуулат уруусунан чыккан көрүнүнүктүү мамлекеттик ишмер Мухаммед Хайдар Мырза 1541-1547-жылдар аралыгында жазып калтырган өзүнүн Тари-хи-и Рашиди(Рашиддин тарыхы) аттуу эмгегинде маалымдайт. Мухаммед Кыргыз Ысык-Көлдүн айланасын жердеген кыргыз урууларынын башында туруп, ушул жерден ал аскерлери менен Ташкент, Түркстан шаарларына жортуулдарды жасаган. 1514-жылы Могол ханы Султан Саидге Кашкарды каратууда өзүнүн аскерлери менен жардам берет. Султан Сайд хан Кашкар аймагын ээлегенден кийин, Мухаммед Кыргызга ыраазы болуп, ага көптөгөн белектерди берип узатат. Жортуулдарынын биринде, Мухаммед Кыргыз, көчмөн өзбектердин ханы Мухаммед Шейбани хандын аталаш тууганы Көчкүнчүнүн уулу Абдулланы колго түшүрөт. Бирок аны көп өтпөстөн чоң ызаат менен сыйлап, аттап-тондоп узатат. Келишпес душманы-өзбек хандарынын уулуна жасаган мамилесине нааразы болгон Султан Сайд хан ушул окуяны шылтоо кылуу менен, 1517-жылы Кашкардан Жууку ашуусу аркылуу ашып өтүп, Барскоондо жаткан кыргыз урууларына капысынан кол салат. Теңдешсиз салгылашууда кыргыздар жеңилип, кол башчысы Мухаммед Кыргыз туткунга түшүп, Султан Сайд хан аны Кашкарга алып кетет. 1522-жылы Султан Сайд хан Теңир-тоодогу моголдорду башкарууга уулу Рашидди жөнөтөт.

Жергиликтүү кыргыз урууларын да баш ийдирүүгө жардам берсин деп, Мухаммед Кыргызды уулуна кошуп берет. Кашкардан кайтып келген соң, алгач айрым кыргыз урууларын Кочкордо жайгашкан Рашиддин ордосуна баш ийдирүүгө жардам берет. 1524-жылы Теңиртоого казак султаны Тахир келет. Моголдорго каршы кыргыздар казактар менен бирге биримдик түзүшөт. Казактар менен жашыруун байланышты түздүң деген шылтоо менен Султан Сайд хан Мухаммед Кыргызды кайрадан туткунга алат.

Бул жолу Мухаммед Кыргыз Султан Сайид хан өлгөнгө чейин, Кашкарда туткунда жүрөт. Хан өлгөндөн кийин, 1533-жылы өз Мекенине кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк алат. Тарыхый жазмадагы Мухаммед Кыргыз, кыргыз элинин оозеки айтылып келген тарыхы - санжырадагы Тагай бий менен да байланыштырылат. Себеби, Тарих-и Рашиди-деги Мухаммед Кыргыз менен, санжырадагы Тагай бийдин тагдыры, окшош адам аттары кезигип, айрым тарыхый окуялар бирдей баяндалат.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 844, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо