Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Мотор отундары детонациясы

Мотор отундары детонациясы — поршендүү моторлорду кыймыл аракетке келтирүүдө мотор отундары күйүү процессинде органикалык пероксиддер пайда болушунун жана анын чогулушунун натыйжасында келип чыгуучу кубулуш. Пероксид саны кризистик концентрацияга жеткенде детонация кубулушу пайда болот (от алуу, жарылуу). Ал согуу толкундары пайда болушуна жана жалын таралыш ылдамдыгынын өсүшү менен мүнөзделөт. Жарылуучу зат газ абалында болсо, аралашманын басымы бир нече МПага, ал эми суюк же катуу түрүндө болсо — 10,000 МП ашканда жарылуу пайда болот. Кыймыл-даткычтар туура иштеген учурда жалын 10-20 м/сек, детонация учурунда, 1500-2500 м/сек ылдамдыкта тарайт. Бир тектүү заттар детонациянын ылдамдыгы турактуу болот. Газ абалындагы жарылуучу аралашмаларда детонация кубулушунун таралышы, аралашма жаратылышына, басымга, темп-рага көз каранды болгон күйүүчү газ конц. белгилүү чекке жеткенде гана ишке ашат. М. о. д. мотордон сыртка кете турган түтүктөн тарсылдаган үн чыгарып, кыймылдаткычты ысытып, мотор күчүн начарлатат. Өндүрүштө М. о. д. болбос үчүн аларга тетраэтилкоргошун (антиде-тонатор) кошулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)