Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Морттук

Морттук – катуу нерсенин анча чоң эмес механикалык күчтүн таасиринен сынып, талкалануу касиети. Морт нерселерге карапа, металл, карапа материалдары, чоюн, көмүртек менен каныккан болот жана башкалар. кирет. Морт нерселердин көпчүлүгү, бөлүнүүгө чейин серпилгичтүү деформацияланат. Аларда калдыктуу деформация жокко эсе. Пластикалуулук жана морттук нерсенин курамына көз каранды. Нерсенин чыңалган абалын, деформация жүргөндөгү сырткы чөйрөнү же температураны өзгөртүп, нерсени пластикалык абалдан М. абалга өткөрүүгө болот. Кадимки шартта өтө морт деп эсептелүүчү кристаллдык кварц чоң басым менен кысылып, созуучу жана жылыштыруучу чыңалуулардын натыйжасында калдыктуу деформацияга ээ болот. Пластикалык материалдарды бир жактуу кысуу менен бүлүндүрүүгө болбойт. Морт материалдарды бир жактуу кысканда бышыктык чеги деп аталуучу (Рб) чыңалууга жеткенде бөлүнөт жана ал созуу деформациясынын бышыктыгынан (Рс) чоң. Алардын катышы К=Рс/Рб, чоюн үчүн 0,2–0,4, карапа материалдары үчүн 0,1–0,2. Катуу нерсенин пластикалуулугуна жана морттугуна чыңалуу убактысы жана температурасы чоң таасир тийгизет. Тез деформациялоодо нерсенин морттук касиети, ал эми жай деформациялоодо пластикалуулук касиети даана байкалат. Көптөгөн материалдар температураны төмөндөткөндө пластикалык абалдан морттук абалга өтөт. Бул учурда температура морттуктун кризистик температурасы деп аталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)