Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Мордва республикасы

Мордва республикасы, Мордовия - Россиянын Европа бөлүгүнүн чыгышында жайгашкан. Аянты 26,2 миң чарчы/чакырым. Калкы 833,0 миң (2009), негизинен орустар (60,8%), мордвалар (32,5), татарлар (4,9) жана башкалар. улут өкүлдөрү жашайт. Православие (277 диний уюм бар), мусулман (24) жана протестант (11) динин тутат. Орточо жыштыгы 1 чарчы/чакырым жерге 34,3 киши. Административдик борбору – Саранск (336,1 миң). Ири шаарлары: Рузаевка (49,6 миң), Ковылкино (23,0). Шаар калкы 59,8%. Административдик-аймактык жактан 22 административдик районго, 7 шаарга, 18 шаарчага бөлүнөт.

Мордва республикасы Чыгыш Европа (Орус) түздүгүнүн чыгышында, Волга дарыясынын алабында жайгашкан. Түндүк-батышын Ока-Дон түздүгү, Түштүк-чыгышын Волга бою дөңсөөсү ээлейт. Табигый шарты калктын жашоосуна жагымдуу. Экол. абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Негизинен ө. ж-луу зоналардын тегереги булганууда. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы –11,2˚С, июлдуку 19,2˚С. Жылдык жаан-чачыны 450–500 мм. Ири дарыялары: Мокша, Сура. Жери көбүнчө каракүл, боз-токой жана чым көң-күл топурактуу. Аймагынын 24,2%ин токой (кайың, эмен, байтерек, липа, мырза карагай) ээлейт. Негизги байлыгы жер астындагы суулар (таза, минералдуу, мала туздуу), ошондой эле цемент өндүрүшү үчүн бор, керамзит үчүн ылай, айнек куму жана акиташ казылып алынат. Приволжье федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийлик 5 жылга шайланган республиканын башчысына таандык. РФтеги электр лампалар өндүрүшүнүн борбору (Россияда өндүрүлгөндүн 67%и), машина куруу (22,4, 2-орунда), цемент өндүрүшү (6,2, 6-орунда), жана башкалар. ишканалары иштейт. Региондун дүң продукциясы 24318,1 млн рублди түзөт. Анда өнөр жайдын үлүшү 29,5%. Машина куруу комплекси алдынкы орунда. Ири ишканалары: «Лисма» (лампа), «Сарансккабель» (күч, телефон, кеме жана текшерүү кабелдери), «Рузхиммаш» (вагон, цистерна, көлөмдүү идиштер), «Электровыпрямитель», «Сарэкс». Тамакаш (19%), курулуш материалдар (11%), Химиялык(5%) өнөр жайы бар. Айыл чарбанын Республиканын дүң продукциясындагы үлүшү 21,4%. Айыл чарбага жарактуу жери 1659,6 миң га (жер фондусунун 63,5%и), анын ичинен 68%и айдоо аянты. Дан эгиндери, картөшкө, кант кызылчасы жана жашылча айдалат. Бодо мал асыралып, үй куштары багылат. Темир жолунун узундугу 546 км, автомобилдики 5616 км (анын ичинен 4232 кми асфальтталган). Саранскиде аэропорт бар. Республикада 743 жалпы билим берүүчү окуу жайлары (анын ичинен 59у башталгыч жана орто), 9 ЖОЖ (филиалдары менен, анын ичинен Мордва мамлекеттик университети), 5 театр (анын ичинен музыка, куурчак), филармония, камералык хор, ыр-бий ансамбли, 22 музей (анын ичинен край таануу, асем искусство жана башкалар), С. Д. Эрьзинин үй-музейи (Баев кыштагында), китепканалар (анын ичинен азиздер үчүн) бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)