Моңолдор уруу

МОҢОЛДОР – кыргыздын оң канатына таандык уруулардын бири.

Генеалогиялык уламыштар б-ча Адигине, Тагайдын эжеси Наалыга байланышкан. Алардын биринде Көкө, Дайыр дегендер кыргызга келип туруп калып, Адигине, Тагай эжесин Көкөгө берет да, андан туулган балдар М., ал эми таарынып казактарга кеткен Дайырдан тарагандар «жалайыр» (башка вариантында «албан») аталып калганы айтылат.

С. Абрамзон Дайырды казак ханы Тахирге (16-к.) салыштырган. Анын ою б-ча М. кыргыз элинин этникалык калыптанышына катышы бар моңгол-түрк урууларынын бири болуп саналат.

Н. Аристовдун пикиринде М. кыргыздарга тыштан кирген «жат» уруулардын бири болгон. Бирок накта моңгол уруулары м-н кандайдыр бир байланышта болушун тактаган тарыхый даректер кезикпейт, ошондуктан М. уруусунун этникалык тарыхы толук изилденип бүтө элек. Мис., Моголстандагы моголдор ич ара дагы өз алдынча майда урууларга бөлүнгөн ж-а аталышы аркылуу аларды азыркы М. уруусуна байланыштырууга мүмкүн эмес.

М. ж-дө тарыхый маалыматтар алгачкы жолу Кытай тарыхый даректеринде («Си-юй туч-жи») кезигип, алар кыргыздын «Батыш Ордосуна» караштуу негизги төрт уруунун бири катары эскерилет.

Кыргыз санжырасы б-ча М. Баакы бийден тарап, «Бөгөнөк», «Улуу Кыйра», «Бала Кыйра», «Бай Моңол» деген негизги топторго ажырайт. М. уруусуна тийиштүү топтор (фратрия) Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет. Анткени алар Кыргызстандын Россияга каратылышына чейин ар кандай саясий кырдаал же табигый шарттарга байланыштуу күчтүү уруу бирикмелерине таянууга аргасыз болушкан.

С. Абрамзон М-ду кыргыздын эң эле укуксуз ж-а эзилген тобу экенин белгилеп, падыша өкмөтү жүргүзгөн саясий реформалардан кийин гана аларды бир жерге чогултууга аракет жүргөнүн көрсөткөн. Мис., алардын бир бөлүгү манап Кайду Рыскулбековдун буйругу м-н Нарын, Ат-Башыга чогултулуп, кийин өзүнчө болуштук түзүлгөн.

Азыркы учурда М-го тийиштүү топтор негизинен Нарын (Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор ж. б.), Ысык-Көл (Түп, Жети-Өгүз ж. б.), Чүй (Кемин, Сокулук, Панфилов ж. б.), Талас (Кара-Буура ж. б.), Ош (Кара-Кулжа ж. б.), Жалал-Абад (Тогуз-Торо, Токтогул, Аксы ж. б.) областарында турушат.

Адабият:

Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер. Б., 1999.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)