Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Молибден кенташы

Молибден кенташы – курамында молибден металлы бар минералдардын табигый чогундусу. Негизги минералдары – молибденит MoS2 (Mo–60%), повеллит CaMoO4 (Mo–45%). Кенташта кошумча компонент түрүндө жез, вольфрам, күмүш, бериллий, калай жана башка минералдар жолугат. Молибден кенташы интрузия тоо тектери менен тыгыз байланыштуу. Жез-молибдендүү кенташтар – монцониттер, гранит-диориттер, гранит-сиениттер менен, бир эле металлдан тургандары – биотит-роговой обманкалуу граниттер менен, вольфрам-молибдендүүсү гранит менен байланышкан. Экзогендик шартта пайда болгон Молибден кенташ таш көмүр, көмүрлүү чопо, кремнийлүү сланецтер жана катуу нефть битумдарында жолугат. Бирок, молибден өтө аз санда болгондуктан, мындай кендер азырынча казылбайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)