Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Молекула айлануусу

Молекула айлануусу — классикалык механикадагы айлануу кыймылы менен салыштырууга мүмкүн болгон, квантталган кыймыл түрү. Мол-нын айлануусун сүрөттөө үчүн, жакындатылган түрдө бекем байланышкан чекиттик массалар модели колдонулат. Мол-нын оордук борборунда кесилишкен, өз ара перпендикуляр болгон, айлануунун үч негизги А. В. С, огу болот. Бул окто мол-нын салыштырмалуу айлануусу үч негизги инерция моменттери 1А, 1В, 1С менен мүнөздөлөт. Сфералуу, эки атомдуу жана сызыктуу мол-лар үчүн бардык инерция моменттери бирдей же бир негизги инерция моменти нөлгө барабар, ал эми эки инерция моменти бири бирине барабар болот. Мындай мол-р айлануу энергиясы (Еай) Төмөнкү закон менен квантталат:

h2

E = ——J(J+1)= hcBJ(J+1),

8p2IB

h2

B= ——— — айлануу туруктуулугу,

8p2cIB

см-1, J — айлануу кванттык саны, с — жарыктын ылдамдыгы.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)