Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Молекула

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Молекула

Дүйнөдөгү бардык нерселер эң майда бөлүкчөлөрдөн - атомдордон, тагыраак айтканда жөн эле атомдордон эмес, атом топторунан турат. Мындай атом топторун молекула деп аташат. Табияттагы атом курулуштагы материал сыяктуу. Курулуш материалдардын бир аз эле түрүнөн - кыш, тактай, устундан ар түрдүү жүздөгөн үйлөрдү курууга болот. Ал эми атомдун 90 чамалуу түрүнөн табият менен адам ар түрдүү жүздөгөн миң заттарды түзгөн. Ар бир затта атомдор ар башкача топтолуп, ар кыл молекулаларды пайда кылат. Ар бир заттын өз молекуласы бар. Айрымдарыныкы өтө жөнөкөй. Мисалы, кычкылтектин молекуласы кычкылтектин эки атомунан (O2), суутектин молекуласы суутектин эки атомунан (H2) турат. Булар жөнөкөй заттар.

Эгер кычкылтек менен суутекти белгилүү бир санда аралаштырып, алынган кошулманы күйгүзсө, суутек менен кычкылтек адегенде атомдорго ажырайт, андан кийин биригип, суунун (H2O) молекуласын пайда кылат. Суу татаал зат, анткени эки түрдүү атомдордон куралат. Көмүртек менен суутектин атомдорунан турган молекулалардын касиеттери өзгөчө кызыктуу. Мындай заттар өтө көп, азыр алардын саны 3 миллиондон ашты, окумуштуулар болсо улам жаңыларын ачып, өздөрү да жаңыларын жасап алууда. Эмне үчүн атомдун эки эле түрүнөн мындай көп сандагы ар түрдүү заттар, демек ар түрдүү молекулалар түзүлөт. Мунун себеби баарынан мурда мындай молекулалар көмүртек менен суутектин ар кандай сандагы атомдорунан курала алат. Эгер суутектин төрт атому көмүртектин бир атому менен бириксе, анда газ плитасында күйүүчү газ - метан пайда болот.

Суутектин алты атому көмүртектин алты атому менен биригип, суюк зат - бензолдун молекуласын пайда кылат. Молекулалардагы атомдордун саны эле эмес, алардын кандай тартипте жайгашкандыгы да чон мааниге ээ. Мисалы, бутан жана изобутан деп аталган эки башка зат бар. Алардын молекулалары бирдей сандагы атомдордун - көмүртектин төрт атомунан жана суутектин он атомунан турат. Бирок бул атомдор ар башкача жайгашкан. Бутандыкы чынжырга окшоп чубалып турат, ал эми изобутандыкы үч бурчтуу жылдызга окшойт. Өтө татаал молекулалар да бар. Белок, каучук, жыгач сыяктуу заттардын, көптөгөн синтетикалык материалдардын молекулалары жүздөгөн ал тургай миңдеген атомдордон турат. Заттардын касиеттери эң биринчи кезекте алардын молекуласынын касиеттерине байланыштуу.

Эгер молекулалар бири-бири менен начар биригип турса, алардан түзүлгөн зат газ түрүндө болот. Мисалы, суу буусун алалы. Анда молекулалар тез жана эркин кыймылдап, кээде гана кокустан кагылышып калат. Суу буусун муздатса, суунун молекулалары жай кыймылдап, бири-бири менен бириге баштайт. Ошентип, буу суюктукка айланат. Суюктукта молекулалар бир кыйла тыгызыраак байланышкан, бирок кантсе да дагы эле эркин кыймылдашат. Температураны 0 градуска чейин түшүрсөк, суу тонуп, катуу кристалл зат - музга айланат.

Анда суунун молекулалары бир орундан жылбастан ары-бери термелип гана тура алат. Молекулалар ар кандайча кубулуп өзгөрүшү мүмкүн. Мындай өзгөрүүлөр химиялык реакциялар деп аталат. Алардын жардамы менен жаңы заттарды жана материалдарды алууга болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 7842, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо