Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Молдобаев Имел Бакиевич

Молдобаев Имел Бакиевич (1942-2005). Кыргыздын таанымал тарыхчы-этнографтарынын бири. 1942-ж. Каракол шаарында туулган. Ата-энесинен эрте ажыраган И. Молдобаев туугандардын колунда чоңоюп, андан соң Фрунзедеги № 5 мектепти окуган. Оболу, Фрунзе Авто-жол техникумунда окуп, аскерде кызмат өтөгөн. 25 жашка чыкканда тарых факультетине келип кирет. 1968-1972-жж. Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетинен билим алган. 1972-2005 жж. аралыгында Кыргыз Илимдер академиясынын Тарых институтунда кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер, бөлүм башчысы болуп эмгектенген. 1979-ж. Ленинградда "Эпос "Жаныш и Байыш" как историко-этнографический источник" аттуу темада кандидаттык диссертациясын коргогон. Тарых илимдеринин доктору (1995). Илимпоздун эмгектери негизинен «Манас», «Жаныш-Байыш» эпосторуна арналган. Бул багытта 100дөн ашуун илимий эмгектери, анын ичинен бир нече монографиялары белгилүү. Эпостордогу кыргыздардын этнографиясы, философиялык-диний түшүнүктөрү, уруулук аталыштары, тектеш түрк ж. б элдер менен этногентикалык ж. б. алакалары чагылдырылган. Окумуштуунун эмгектери жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн илимий чөйрөлөрүнө кеңири маалым болгон. Изилдөөчү Якутия, Тува, Тоолуу Алтай, Тува, Тибет ж. б. тарыхый-этнографиялык экспедицияларга катышкан. 2005-ж. ооруудан каза болгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)