Молдо Кылыч жана Чүй баяны сүрөттөлгөн мезгил

Молдо Кылычтын "Чүй баяны" аттуу поэмасында орустарга болгон мамилесин, көз карашын шарттуу түрдө эки мезгилге бөлүп көрсөткөн. Алгачкы жана кийинки. Эгерде алгачкы мезгилде толгонуу, чочуркоо, шек - тенүү, жек көрүү мүнөздүү болсо, кийинчерээк акындын көз карашында белгилүү өзгөрүүлөр пайда болот. Алгачкы мезгилде акын ислам динин орустар булгап коёт го деп коркуп аларды жек көрсө, кийинчерээк Чүй боо - рундагы жаңы өзгөрүүлөрдү, чарбадагы жаңылыктарды орустар алып кел - генин айтат. Негизинен "Чүй баяны" антиорустук ойдогу казал деле эмес, андагы башкы ой Чүй өзөнүнүн керемет табиятын, эли-жерин ачып көрсөтүү. Чыгарманын эң басымдуу бөлүгү Чүй өзөнүнүн өсүмдүктөр жана жа - ныбарлар дүйнөсүн айтууга багытталган. Акын 140 өсүмдүктүн атын атайт, ар биринин өзгөчөлүктөрүн, алар - дын адам жашоосундагы маанисин белгилейт. Казалчы, Сары Өзөн Чүйдүн 73 жаныбарын атайт жана ал аркылуу бул аймактын флорасынын жалпы өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүгө аракет кылат.

Чүй баяны

Мен айтамын санатты,

Казалдарды көп жаздым,

Канча такта кагазды.

Мыс Токмок калааны.

Келип орус жай кылды

Жылгын-Башы талааны.

Каршы-терши көп тилди,

Карагайга арааны.

Ойду-тоону коруду,

Орус деген калкыңдын,

Кыйын экен буйругу,

Малай кылды кыргызды.

Тил билгендин баарысын,

Кеңсаларга тургузду,

Күнөөкөрдү коркутуп,

Набактыга киргизди.

Болуш коюп, бий шайлап,

Элге борум билгизди.

Жылгын-Башы талаасы,

Жылгындары көп экен.

Айыл конуп илгери,

Жылкы саачу жер экен.

Эми калаа орноду.

Баш-аягы базардын,

Ат чабымдай болжолу.

Тиккен багы, тереги,

Тиктеп турса адамдын,

Эсеп жетээр болбоду.

Токмокко шаар толуптур,

Ар уруктан көбөйүп,

Толгон базар болуптур.

Кең Чүй ата өзөнү,

Кенен болот турбайбы.

Калкы-журтун карасаң,

Калың айдайт экен го,

Кара таруу, буудайды.

Буурчак менен жүгөрү,

Бул кылууга баарысын,

Жарды дебей, бай дебей,

Көп айдаптыр бедени.

Арбын экен жаныбар,

Ар немеден уругу.

Кара куурай, зыгыры,

Салып туруп зоотко,

Сыгып алар майы бар.

Кең Чүй ата жакасы,

Чарылдаган бакасы,

Ийнелиги, көгөнү,

Кенен болот жаныбар,

Кылкылдаган өзөнү.

Кара сууда кундузу,

Кашкулагы мадылы.

Кызыл карсак, түлкүсү,

Арбын болот карышкыр,

Аюу, жолборс, илбирси,

Шимеңдеген чөөлөрү.

Тай, сүлөөсүн, суусары,

Ач күзөнү, коёну,

Арбын болор жүргөнү,

Каш кулагы, мадылы,

Карап турсаң каңкылдап,

Соорусунун ак жону.

Кең Чүй ата жаныбар,

Абайласаң, жеринде,

Ар жаныбар уругу.

Тандап атып алгыдай,

Талаасында элиги,

Марал менен бугуну,

Эчки, теке жаныбар,

Тайгаланбай ташына.

Аркар менен кулжасы,

Атып алса күзүндө,

Уйдукундай жамбашы,

Коёндору козудай.

Карап турсаң жаныбар,

Коондору сокудай.

Байкап турсаң суусунда,

Балыктары манектей.

Кудай бетин көргөзбө,

Сар жыланы билектей.

Карап турсаң Чүйдөгү,

Кара курту көмүрдөй.

Чаян менен жыланы,

Арбын болгон менен да,

Адамга жок зыяны.

Түктүү сары жаныбар,

Музоо баштын ыраңы.

Кескелдирик дагы бар,

Билериктей бир жанды,

Узундугу бир карыш,

Бу да сонун жаныбар.

Айтканындай көп экен,

Абайласаң жарандар,

Ар жаныбар толук бар

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)