Мүнүшкөрлүк

Мүнүшкөр - алгыр куштарды (бүркүт, ителги, карчыга, кыргый, турумтай) таптап, үндөккө келтирип, илбээсин менен андарга сала турган киши. Куштарды таптоодо алгыр куштардын кичине-чоңуна, алгырлыгына карата бири биринен бир аз айырмаланат. Алардын өзүлөрүнө жараша мүнүшкөр билгичтик менен мамиле жасайт.

Бүркүт таптоо. Мүнүшкөрдүн эн жетиги жана барктуусу - бүркүтчү. Уядан алынган бала бүркүттү таптоо, колго үйрөтүү, үндөккө келтирүү негизинен төрт баскычта жүргүзүлөт.

1-баскыч. Бүркүт өз ээсинин чакырыгына жана үндөөсүнө келгенге үйрөтүлөт. Бүркүттү түрдүү кырдаалда чакырып, чакырыкка келген сайын бир кесимден эт сугунтуу керек.

2-баскыч. Тулкунун узун жипке байланып, жерге сүйрөтүлгөн куйругу чырга деп аталат. Буркут учуп барып аны басып калууга тийиш. Баскан сайын, бүркүткө эт сугунтуу керек.

Ушул баскычта томогого кондурулот.

3-баскыч. Талаага мүнүшкөрдүн шакирти чырга сүйрөтүп чыгат да, жүрүшүн улам тездетет. Томогосу алынган бүркүт тез учуп барып аны басып калууга үйрөнөт.

4-баскыч. Мүнүшкөрдүн шакирти тулкунун же суурдун мурда союлуп, саман шыкалып даярдалган терисин узун жипке байлап, ат менен сүйрөтүп жөнөйт. Мүнүшкөр колунда конуп турган буркуттун томогосун алганда буркут учуп барып чырганы басып калат. Бөлтүрүк, түлкүнүн бачикиси, бөжөк сыяктуу андарды тирүүлөй чокутуп оозандырат, бул бала бүркүттү аңга оозантуу деп аталат.

Кармалган бүркүткө адегенде томого салып, аны кермеге кондурат, уйкусун алып, ач кармайт. Бир нече күндөн кийин эпке келип, жем тартат, чакырганга келет. Бул процесстер бир нече жолу кайталанат. Алгыр куштар тапка жакшы киргенде майда илбээсин, андарга салынат. Мүнүшкөр андын жатагын, орушун, изин билген баамчыл да болот. Анга чыкканда мүнүшкөр керектүү куралдарды ала жүрөт. Мүнүшкөрдүн көп киши менен куш салууга чыгышы соного чыгуу деп аталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)