Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мүнүшкөр

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Мүнүшкөр

Колуна койкойто куш кондуруп, тайган ээрчиткен атчан адам адырды аралай бастырып чыкты. Аңкыштаган суур ийнине кире качты. Кулагын тикчийткен коён анда-мында бир тийип кырды ашып кетти. Куйругун чубалткан түлкү буралып жапсарды имериле берди. Колдогу куш шаңшып тынчы кете баштады. Ошол кезде мүнүшкөр колундагы куштун томогосун алып, обого серпип жиберди. Түшө калып каргысын чыгарып, итин агытты. Асманга көтөрүлгөн бүркүт шашпай каалгып жүрдү да, бир кезде жогору атып чыгып, араң эле бүлбүлдөп көрүнгөнгө чейин көтөрүлдү. Анан куушурулган боюнча шуулдап төмөн түшүп кетти.

Мүнүшкөр кыйкырык салып артынан чаап жөнөдү. Мүнүшкөрдүн иши ушундай. Мүнүшкөр деген сөз фарс тилиндеги миршакар дегенден келип чыккан. Ал кан сарайындагы куш таптагыч дегенди билдирет. Ошентип, алгыр куштарды багып, таптап, үндөккө келтирип, илбээсин менен аңдарга сала турган киши мүнүшкөр деп аталат. Алгыр куштарга бүркүт, ылаачын, ителги, карчыга, туйгун, кыргый, турумтай ж. б. кирет.

Кушту колго кондуруу, чакырганга, ууга салганга үйрөтүү - бардык эле адамдын колунан келе бербес кызыктуу өнөр. Анткени, туш келген эле адам кыраан кушту тааныбайт. Аны тандай да билбейт. Ар бир алгыр куш кичине, чоңдугуна, алгырлыгына карата өзүнчө ыкма менен тапталат. Мына ушуларды мүнүшкөр гана мыкты билет. Мүнүшкөрдүн эң мыктысы бүркүтчү болот.

Анткени бүркүттү таптоо башка кыраан куштарды таптаганга караганда кыйла оор. Мүнүшкөр (бүркүтчү) бүркүттү эки жол менен кармайт, биринчиси - балапанын уядан алат. Экинчиси - бүркүттү тор же тузак менен кармайт. Уядан алынган бала бүркүттү мүнүшкөр адегенде чакырганга үйрөтөт, андан кийин аны чыргага үйрөтүү керек чырга деп түлкүнүн узун жипке байланып, сүйрөтүлгөн куйругу аталат. Бүркүттү коё бергенде учуп барып чырганы басып калат. Ушул эле учурларда бүркүт томогого кондурулат. Томого деп аңга, илбээсинге салынуучу кыраан куштун көзүн жаба кийгизүүчү калкан аталат.

Табы менен тамактандырылып, кыраан чыккан бүркүт жерден карышкырды да көтөрүп кете алат. Кармалган бүркүткө томого салып, кермеге кондурат, уйкусун алып, ач кармайт. Бир нече күндөн кийин ал бүркүт тапка келип, жем тартат, чакырганга келет, мына ушулардын бардыгын мүнүшкөр беш колундай билет. Мүнүшкөр бүркүткө туш келген эле жемди бере бербейт. Жемди табына жараша түрдүүлөп берет (бул - кушту кайруу деп аталат). Мүнүшкөр кайсыл кушту кайсы аңга салышты, кайсыл учурда кандай жем беришти, ал түгүл ар бир аңдын жатагын, өрүшүн, изин да тааный билет.

Куш салып, аң уулоого чыккан мүнүшкөр керектүү куралдарды ала жүрөт. Мүнүшкөрдүн көп киши менен куш салууга чыгышы соного чыгуу деп аталат. Мүнүшкөр кушту түнкүсүн туурга кондуруп коёт.

Сайтка жарнама жайгаштыруу