Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мүнөз

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Мүнөз

Силерге кандай адамдар көбүрөөк жагат? Албетте баатыр, эр жүрөк, кайраттуу, өз сөзүнө бек турган адамдар, мындай мүнөздөгү адамдар көбүн эсе кыздарга жакса керек. Негизинен баарыбыз эле адамдардын сезимталдыгын, чынчылдыгын, боорукерлигин, жөнөкөйлүгүн жогору баалайбыз. Биз адамдын мүнөзүнүн белги-сапаттарынын айрымдарын гана атап өттүк. Адамдардын мүнөзү кылык-жоругунан, жүрүм-турумунан, тегерегиндеги адамдарга жасаган мамилесинен, ишинен же окуганынан, ар кыл жагдайларда өзүн кандай алып жүргөндүгүнөн көрүнөт. Эр жүрөк адам өрттөн калтырап калбастан, адамдарды куткарып калуу үчүн күйүп жаткан үйгө кирүүдөн да кайра тартпайт. Туруктуу, чыдамкай адам дайыма өз максатына жетет. Чынчыл адам эч качан калп айтпайт. Төшөктөн тура албаган, эки көзү көрбөгөн азиз адам китеп жазды.

Ал картон барактан түз сызык кылып кесип коюлган жерин сыйпалап карандаш менен бирден жазчу. Антпегенде саптар түз болбой, сөз куралбай калмак. Бул иш өтө зор чыдамкайлыкты, аябай чымырканып күч жумшоону талап кылды. Ал адам Николай Островский эле. Анын Болот кантип курчуду деген китеби абдан популярдуу. ...Атамекендик согуш мезгилинде Алексей Маресьев деген учкуч оор жарадар болуп, эки бутунан бирдей ажырайт. Кайрадан учуп, фашисттер менен салгылашуу тууралуу сөз болуу мүмкүн эместей туюлду. Бирок Маресьев жан чыдагыс ооруга карабастан, жасалма буттарын кыймылдатып, тынымсыз машыкты.

Акырында учакка кайрадан отуруп, катарга кошулду. Бул окуялар кайраттулуктун жана чыдамкайлыктын эң сонун үлгүсү. Ошондуктан азыртан баштап эле өзүңөрдө жакшы мүнөздү тарбиялап, өмүрү өрнөк адамдардан үлгү алганыңар оң. Ошондой эле өзүңүздүн мүнөзүңүз жөнүндө толук билгиңиз келсе, жалпы жылдыздар төлгөсү бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 628, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу