Мүнөз

Мүнөз — кишинин жүрүш-турушун, кыймыл-аракетин мүнөздөгөн жеке психикалык касиеттеринин жыйындысы. М. ар бир кишинин өзгөчө кыял-жоругу, кайталангыс жеке сапаты болуп эсептелет. М-дө кишинин кайраттуулугу, эмоциялык өзгөчөлүктөрү, тышкы чөйрөнүн таасирин сезүү темпераменти жана акыл өзгөчөлүгү байкалат. М. жеке кишиге таандык туруктуу касиет, бирок аны тарбиялоо менен өзгөртүүгө болот. М. кишинин жүрүш-турушун, кылык-жоругун, табиятка, коомго жана өзүнө кылган мамилесин көрсөтөт. М-дүн калыптанышында социалдык шарт, үй-бүлөдөгү, мектептеги таалим-тарбия, айланадагылардын жүрүш-турушу өтө маанилүү.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн М-үн калыптандырууда алардын жакшы кыялдарын чыңдоого, терс кыялдардан четтетүүгө аракеттенүү зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)