Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Мөмө багы

Мөмө багы – 1) белгилүү бир жерге отургузулган мөмө дарактар, 2) көп жылдык мөмө дарактар отургузулган жер бөлүгү. Мөмө багынын түшүмдүүлүгү жерге жараша болот. Ошондуктан ар бир чарбада мөмө багы отургузулуучу жердин рельефи, топурагынын курамы, суунун болушу жана башкалар. ар тараптан изилденип, бактын өндүрүштүк багыты аныкталат, мөмө сактоочу, иштетүүчү жана башкалар. курулуштарды куруу пландаштырылат. Өтө эңкейиш, дөңсөө же өтө ойдуң жерге мөмө багын отургузууга болбойт. Алма, алмурут, чие жана кайналыны рельефтин түндүкже түндүк-батыш жагы, ал эми ысыкта жакшы өсүүчү дарактарды (мисалы, шабдалы, анжыр жана башкалар) Түштүк жак эңкейишине отургузган жакшы. Өзгөчө күрдүү, борпоң, сууну жакшы сиңирүүчү топуракка отургузулган мөмө багы көп түшүм берет. Мөмө багы отургузулуучу жерде зыяндуу туздар (айрыкча хлорид жана сульфат) болбош керек. Эмен, грек жаңгагы, жапайы алма, алмурут, о. эле чанактуу өсүмдүк, уруктуу чөп өскөн жерлерге отургузулат. Мөмө багын отургузууда топурактын, климаттын өзгөчөлүгү, көчөттүн породасы, сорту жана башкалар. эске алынып, ошол зонага райондоштурулган сорттор гана отургузулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)