Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Мюллериоз

Мюллериоз (Mülleriosis) – кой, эчки жана кээ бир кепшөөчү жапайы айбанаттардын (мисалы, муфлон) гельминтоз ылаңы. Ылаңды Müllerius capillaris жумуру курту пайда кылат. Курт өпкөнүн паренхима, бронх жана альвеолаларында мителейт. Кой-эчки илдетке чалдыккан үлүлдү жегенде ылаңдайт. Личинкалар лимфа жана кан аркылуу өпкөгө өтүп, 2–2,5 айда жетилет. Ылаң КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгү менен Кавказда көбүрөөк кездешет. Ылаңдын белгилери: мал кургак жөткүрүп, бат-бат дем алат, денеси ысыйт, арыктай баштайт. Дарылоо: тери астына же булчуңга дитразиндин суудагы эритмеси куюлат, ошондой эле туздуу кычкыл эметиндин 1– 2%түү эритмеси жана йодинол колдонулат. Алдын алуу үчүн эгилме жайыттарды түзүү, жайытты ар бир 25 күндө которуп туруу, ылаңга чалдыккан малды гельминтсиздөө.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)