Миррахимов Эркин Мирсаидович

Миррахимов Эркин Мирсаидович (18. 5. 1960-жылы туулган, Фрунзе) – медицина илимдеринин доктору (1995), профессор (1997). КММИни (1983), ошол эле жерде аспирантураны (1988), СССР Медицина илимдер академиясынын Кардиология илимий борборунун докторантурасын (1995) бүткөн. КММАда ассистент, профессор 1997-жылдан кафедра башчысы болуп иштейт. 120дан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монографиясы жарык көргөн. Алар негизинен жүрөк ооруларына арналган. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик (1996) жана Ленин комсомолу (1986) сыйлыгынын лауреаты. Эмгектери: Реперфузионная терапия острого инфаркта миокарда. Б., 2000.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)