Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Миронов висмут кени

Миронов висмут кени Чүй облусунун, Кемин районунда, Кемин шаарчасынын 26 км түндүк-чыгышында, Кастек тоосунун күнгөйүндө, деңиз деңгээлинен 1550–1830 м бийиктикте. 1961-ж. табылып, 1965–73-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагын протерозой заманында пайда болуп, кийин метаморфизмделген тоотек (амфиболдуу сланецтер, амфиболиттер) катмарлары жана аларды палеозой заманынын орто ченинде жиреп чыккан интрузия (монцонит-адамеллит-гранит) түзөт. Руда негизинен тарам түрүндө. Мында минералдашкан 20дай тарам табылып, алардын 4 участкасы дыкат чалгындалган. Бул кен тарамдарынын узундугу 35–430 м, калыңдыгы 0,3–1,2 м. Руданын курамы негизинен эки түрдө: кварц-турмалин-халькопирит-висмутин жана сидерит-сульфид-висмутит-полиметалл. Булардын биринчиси кендин батыш, экинчиси чыгыш жагын түзөт. Батыш бөлүгүндө коргошун менен мышьяк арбын. Кен сульфидден (88%) жана кычкылданган рудадан турат. Висмуттун орточо өлчөмү – 0,254%. Жарым кычкылданган рудада висмуттан башка металлдар кездешет, алардын өлчөмү: жез – 0,84%, алтын – 2,2 г/т, күмүш – 45,3 г/т. Руданын запасы С1 категориясы боюнча –172 миң т, С2–209 миң т, висмуттуку – С1–691 т, С2 – 471т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)