Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Миозит

Миозит — скелет булчуңдарынын сезгениши. Демейде бүт булчуңдар жабыркайт (полимиозит). Кээ бир оорунун (мисалы, грипп) кабылдоосу мүмкүн. М-те кол, бут, дене булчуңдары сыздап ооруйт, кыймылдаганда оору күчөйт. Көбүнчө булчуң катууланат. Тери айрылып травма болгондо ал жерге инфекция түшүп, ириңдүү М. өөрчүсө дене ысып, чыйрыгат, оорусу күчөп, шишийт, териси кызарат.

Булчуңга мителердин (трихинелла, цистицерка) киришинен да М. пайда болот. Ооруну себебине жараша врач дарылайт. Алдын алууда өтө чарчоодон, үшүп калуудан сактануу, коопсуздук техникасын сактоо керек, ошондой эле спортко катышуунун мааниси чоң.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)