Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Миома

Миома — булчуң ткандарынан пайда болгон коркунучсуз шишик. М. жылма булчуңдардан (жатын, карын, ичеги, тери) пайда болсо — лейомиома, ал туура ала булчуңдан (скелет жана жүрөк булчуңдарынан) пайда болсо рабдомиома деп аталат. Карын жана ичегинин лейомиомасы, ошондой эле рабдомиома чанда кезигип, операция жасаганда гана билинет. Демейде М. булчуң тканынан жана туташтырма ткандан турса фибромиома деп аталат. Көбүнчө жатын М-сы (фибромиома) көп кезигет. Бул учурда шишик бир нече кгга жетет.

Жатын М-сы энелик клетканын функциясына жараша гормондук бузулуудан, көбүнчө 30 жаштан кийин пайда болот. М-да кан жоготуу анемияга алып келет, табарсыкты, кичине жамбаш чарасындагы кан тамырларды жана нервдерди кысат. Шишик этек кир функциясы токтогуча (50 — 55 жашка чейин) өсөт. Шишик бар экени билингенден кийин врачтын көзөмөлүндө болуп, жылына 3—4 жолу кароодон өтүп туруу керек. Шишик тез өсүп, кан агуу башталганда консервативдүү дарылоо жардам бербесе хирургиялык операция жасалат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)