Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Милос Венерасы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Милос Венерасы

Ар бир адам бул скульптура жөнүндө нечен сапар уккан, анын көчүрмөсүн же сүрөтүн музейлерден жана китептерден көргөн. Миллиондогон адамдар бул скульптуранын өзүн көрүүнү эңсешет. Парижде бир күн болгон адамдан да Луврда болдуңбу? Венераны көрдүңбү? - деп сөзсүз сурашат. Париждеги атактуу Лувр музейиндеги Венера статуясы - адамдын чебер колунан жана улуу талантынан жаралган эң ажайып жана таң каларлык нерселердин бири.

Окумуштуулар бул мрамор статуяны мындан 2300 жыл мурда байыркы гректердин айтылуу скульптору Агесандр жасаган деп болжолдошот. Бирок искусствонун бул керемети көп кылымдар бою адамдарга белгисиз болуп келди. 1820-жылы гана Эгей деңизиндеги Милос аралында археологиялык казуу жүргүзгөн кезде, бул статуя жер астынан табылды. Аны Милос Венерасы деп аташты. Байыркы заманда Венера (байыркы римдиктерде) же Афродита (байыркы гректерде) жаз менен жемиш багынын, сүйүү менен сулуулуктун кудайы деп эсептелген. Сүрөтчүлөр менен скульпторлор аны өтө сулуу, келишимдүү жаш аял кебетесинде сыпатташкан. Бул кудайдын башка да скульптуралары бар: Капитолий Венерасы, Медичи Венерасы, Таврия Венерасы. Миңдеген жылдар бою жасалган мындай көптөгөн статуялардын ичинен эң коозу деп Милос Венерасы эсептелет. Анын эки колу жок, жерден казып алганда эле ушундай экен.

Бул мрамордон жасалган сулуу аял эки колдоп калканды кармап, ага күзгү сыяктантып каранып турса керек деп божомолдошот. Мындан 23 кылым мурда жашаган улуу чебер жараткан керемет бүгүнкү күндө да өз кудуретин көрсөтүп жатат. Милос Венерасынын айтып жеткис сымбатына, ашкан сулуу жүзүнө суктанып карап, сулуулуктун кубаттуу кудуретине, анын түбөлүктүү жана жеңилгис экендигине эрксизден ишенесиң.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 425, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо