Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Микстуралар, дары майлар жана линименттер

Микстуралар — суюк жана катуу дары заттардын аралашмасы. Алардын составына маңыздар, тундурма, экстрактар, эмульсиялар, сууда эрүүчү же эрибөөчү күкүмдөр кирет. Эрибеген же оңой эрибеген заттардан турган микстураларды колдонордо чайкап аралаштыруу, ошондой эле салкын жерде сактоо керек. Жумшак Д. ф-на дары майлар, линименттер, паста, шамчалар кирет. Дары майлар — бир өңчөй, бүртүксүз жумшак массалар. Алардын составына дары заттар жана дары майдын негнзи (формага келтирүүчү заттар) кирет.

Дары майдын негизин вазелин, ланолин (койдун жүнүн жууганда чыгуучу зат), парафин, мом жана башка түзот. Дары майлар (териге же көзгө, мурунга) сыйпоого колдонулат. Кээде тери аркылуу жеңил сиңүүчү дарыларды берүү үчүн да дары майлар жасалат. Алар ички органдардагы патологиялык процесске таасир этүүчү максатта сыйпалат. Дары майлар оозу бекитилген банка же сыкма идиште салкын жерде сакталат. Линименттер (суюк дары майлар) — коюу суюктук же дене температурасында эрүүчү килкилдек масса. Суюк дары майлардын составына түрдүү суюктуктар (хлороформ, өсүмдүк майлары жана башка) жана илээшкек заттар (мисалы, ак кайыңдын кара майы) кирет.

Линименттер негизинен териге сыйпалат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)