Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Микроклимат

Микроклимат — жергиликтүү климаттык алкакка мүнөздүү метеорологиялык шарттан айырмаланган жер бетинин анча чоң эмес белгилүү аймагынын климаты (чөлдөгү оазис, токойдогу жайык, капчыгай, өрөөн жана башкалардын М-ты). Ошондой эле жер бетиндеги анча чоң эмес аянттагы жабык турак жай өндүрүш имараттарында, транспорт, космос кораблинде жана орбита станцияларында жасалма түзүлгөн климаттык шарттар да М. деп аталат. М. адамдын организмине, ден соолугуна, абалына, эмгекке жарамдуулугуна белгилүү таасир тийгизүүчү физикалык факторлорго (аба температурасы, нымдуулук, аба кыймылы, атмосфера басымы, жарык жана башкалар) ээ. М. жердин рельефине жараша болот. Дөңсөөлөрдүн түштүк капталдарына күн жакшы тиет, жылуураак, ал эми түндүк капталдары суугураак болот. Дөңсөө менен түздүктөрдүн аба температурасы айырмаланып турат, түздүктөрдө аба суугураак жана нымдуу келет да, ден соолукка жагымы анча эмес. Жердин рельефи шамалдын багыты менен ылдамдыгына таасир тийгизет. М. үчүн кыртыштын сапатынын да таасири чоң. Таштуу кыртыш катуу ысып, абага көп жылуулук берет, кумдуу кыртыш жана кыртыш үстүндөгү аба күндүз өтө ысып, түнкүсүн тез муздайт, кара топурактуу жерлерге караганда күн энергиясын көп алып, жакшы жылыйт. Өсүмдүктөр, ачык көлмөлөр жайкы ысыкта аба температурасын салкындатат. Жердин М-тык шартынын өзгөчөлүгү турак жаи, калктуу жерлерди, санаторий, эс алуу үйлөрүн, пионер лагерлерин, спорт комплекстерин жана шаар курууда эске алынат. Жасалма М-ты түзүү иши ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)