Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Миклухо-Маклай Николай Николаевич (1846-1888)

Төгөрөктүн төрт бурчун ойлонуу жана аны түшүнүүгө аракеттенүү - мындан ары менин максатым. Бир жагынан шуру рифтери, экинчи жагынан тропик өсүмдүктөрү - экөө тең тиричиликке жана ар түрдүүлүккө жык толгон. Мен максатыма жеткениме ыраазымын. Жыйырма беш жаштагы окумуштуу Николай Николаевич Миклухо-Маклай мурда бир дагы ак адам жашап көрбөгөн Жаны Гвинеянын жээгиндеги өзүнүн келечек иши жөнүндө дал ушинтип ой жүгүрткөн. Ал баарынан мурда аттары коркунучтуу даңкка айланган аралдын жашоочулары - папуастар жөнүндө билүүгө кызыккан. Далайды көргөн моряктар да азезилдин жерине токтолуп түшүүдөн баш тартышкан. 19-кылымдын экинчи жарымында адамдын пайда болушу жана өөрчүшү жөнүндө окумуштуулардын арасында айыгышкан талаш-тартыштар жүрүп жатты. Бирөөлөр ак адамдар - жогорку раса, башка түстөгүлөр - төмөнкү раса: алардын рухий күчү да, кара күчү да өсүп жетилген эмес деп ойлошкон. Бирок Миклухо-Маклай бардык расадагы адамдардын келип чыгышы бирдей, алардын айырмачылыктары турмуш шартына, тарбиясына байланыштуу болот деп эсептейт. Бул ойду далилдөө үчүн ишенимдүү фактыларды келтирүү керек эле. Ал эми фактыларды табуу үчүн папуастардын жашоосун, турмуш-тиричилигин, үрп-адатын өз көзү менен көрүп, бул адамдарды ар түрдүү жолдор менен изилдеп чыгуу керек болот.

Мына ошондуктан Маклай Астролябия булуңунун жээгинде байыркы жапайы папуас урууларынын арасына жалгыз калган. Ал чечкиндүүлүктү, эрктүүлүк жана чыдамдуулукту көрсөтө ала турган болсо, алардын ишенимине ээ болоруна жана изилдөөнүн максаттарын орундата ала тургандыгына ишенген. Бул илим үчүн болгон чыныгы эрдик эле. Эгерде бирөөнүн ишенимине киргиң келсе, өзүң ага ишен! - деп ой жүгүрткөн Маклай. Ал алачыгына жакын турган папуастардын кыштагын көздөй жөнөйт. Жээкте турган бул алачыкты Маклайды Жаңы Гвинеяга жеткизип келген Витязь кемесинин матростору жасаган. Окумуштуу папуастарга куралсыз барууну туура тапты.

Ал чөнтөгүнө кичинекей дептер менен карандаштан башка эч нерсе салган жок. Миклухо-Маклайдын келиши күтүүсүз жерден болду. Папуастар шашкалактай аялдары менен балдарын катып, чакыртпай келген меймандын кыбыр эткен кыймылынан көз алышпай аңдып турушат да, аны кимдир бирөө жаа менен атып жиберди. Ок Маклайдын мурдун жанып өттү. Бул жан керек болсо, тезирээк кет деген эскертүү эле. Бирок ал кеткен жок. Эки жагын карап, кокос пальмасынын көлөкөсүндөгү сокмо төшөктү көрүп, ага кыйшая кетти да жол жүрүп, күндүн ысыгынан чаалыккан ал тез эле уйкуга кетти. Ак адамдын бул кылыгына папуастар абдан таң калып тынчсызданышты, бирок ага тийишкен жок. Ойгонгондон кийин Маклай ордунан туруп, элдин баары менен башын ийип коштошту да өз алачыгына кетти.

Маклайдын папуастар менен жакындашуусу ушинтип башталган. Алар да окумуштууга аз-аздан акырындык менен көнө башташат. Кийин жакшы көрүп калышты. Алар илимпозду айдан келген кудайдын кишиси, өзгөчө адам деп эсептешкен. Маклай аларга ата-мекени - Россия экендигин түшүндүрдү. Демек Россия айдагы өлкө деп чечишти папуастар. Папуастардын ишенимине жана кадырлоосуна ээ болгон Маклай өтө баалуу илимий материалды жыйнаган. Жер шарындагы бардык адамдардын келип чыгышы бирдей экендигин далилдөө үчүн ал папуастардын дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрүн, алардын турмуш-тиричилигин жана үрп-адаттарын изилдеген.

Маклай бир нече жолу Жаңы Гвинеядан кетип кайра келген, ошондо папуастар аны келген сайын чын дилден, кубаныч менен тосуп алышчу. Бир жолу жергиликтүү досу Саул андан: Айтчы, Маклай, сен биздей эле өлөсүңбү? деп сурайт. Маклай өзүнүн папуастардан болгон беделин жоготкусу келген жок. Анткени ал папуастардын өз ара согуштук кагылыштарын, ар кандай зыяндуу аракеттерин эчен жолу токтоткон. Эмне деш керек?

Алдоо керекпи? Ал бул ишке бара алган жок. Ошентип окумуштуу коркунучтуу, бирок акылдуу чечимге келди. Ал колуна найза алып Саулга сунду да: Ме, байкап көрчү, Маклай өлөр бекен? деди жайбаракат. Саул аптыгып эмне кыларын билбей калды. Ушул учурда бир нече папуас чыдай албай Маклайды коргоп калуу үчүн чуркап келип, денелери менен тосуп калышты. Саул найзасын таштап жиберди. Маклай Жаны Гвинеяда жана Тынч океандагы Меланезия аралдарында көп жыл иштеди.

Ал бир нече жолу тропик безгек оорусу менен ооруп, 42 жашында эрте дүйнөдөн кайткан. Азыркы учурда Маклай атындагы аралдын жээгинде эң сонун окумуштуунун ысымы унутулган жок. Алачыгы турган жер курчоого алынып, ал отургузган пальмалар ушул кезде да шуулдап турат. Н. Н. Миклухо-Маклайдын илимге жан аябай берилгендигине суктанган жазуучу Лев Толстой ага: ...сиз, биринчи жолу адамдын бардык жерде адам экенин тажрыйба менен далилдедиңиз... Ошондой эле сиз муну чыныгы эрдик менен далилдединиз... - деп жазган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)