Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Микеланжело Буонарроти (1475-1564)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Микеланжело Буонарроти (1475-1564)

Микеланжело - Кайра жаралуу доорунда жашаган италиялык улуу скульптор, сүрөтчү, архитектор жана акын. Микеланжелонун балалык чагы Флоренцияда өткөн. Анын сүрөтчүлүк шыгы эрте ойгонуп, атасынын айтканына көнбөй өмүрүн искусствого арнайт. Он үч жашында сүрөтчүгө шакирт болуп кирип, 25 жашында көптөгөн эң сонун скульптураларды жараткан. 26 жашында өтө татаал бир ишке бел байлап киришет. Бир скульптор 5 метрлик мрамордон статуя чекмекчи болуп, бүтүрө албай таштап салат. Жараксыз болуп калган бул мрамордон скульптура чыгаруудан баш тартышат. Микеланжело гана бул ишке белсенип киришет. Үч жылдан соң статуя даяр болот.

Бул байыркы легендадагы Давид деген жаш жигиттин статуясы эле. Ал өз элине хомбулук көрсөткөн Голиаф деген дөө менен жекеме-жеке кармашууда чыгып жеңет. Скульптор өз каарманын кармашууга даярданып жаткан учурун көрсөткөн: чоң ачкан көздөрү менен дөөнү карап, оң колу менен салмоорду мыкчый кармап турат. Өзүн чечкиндүү жана токтоо кармап, душманын каардуу тиктейт. Микеланжело даанышман сүрөтчү болгон. Бир жолу ал Сикст капелласы деген сүрөттү Рим чиркөөлөрүнүн биринин төбөсүнө тартууга тапшырма алат. Сүрөт 600 чарчы метрден ашык аянтка тартылмак. Сүрөтчү өтө татаал шартта, ал тургай бийик тепкичтин үстүнө чалкасынан жатып, байыркы дүйнөнүн жаралышы жөнүндөгү библиялык легенданы сүрөткө тартууга киришет. Бул чыгармадагы мыкты кейипкер - мифтик алгачкы пенде - Адам - кайраттуу жана асыл адам.

Микеланжело бул сүрөттү төрт жылда тартып бүтүргөн. Анын жардамчысы болгон эмес. Сүрөтчүнүн бүткөн бою сыздап ооруган, талыган көздөрү аз жерден көрбөй кала жаздайт. Арадан бир топ жыл өткөн соң сүрөтчү ошол Сикст капелласынын дубалына Акырет соту деген сүрөттү тарткан. Динчилердин ою боюнча бул зор картина аркылуу адамдын алсыздыгын, кудайдын кудуретине моюн сунбаска арга жок экенин көрсөткүлөрү келишкен. Бирок Микеланжело бул сүрөттө адам эркинин майтарылбастыгын, анын сулуулугун жана күчүн даңазалаган.

Микеланжело өтө көрүнүктүү архитектор болгон. Ал Римде ыйык Пётрдун дүйнө жүзүндөгү чоң соборунун курулушун бүтүргөн. Архитектор собордун алгачкы планын өзгөрткөн. Микеланжелонун долбоору боюнча дүйнөдө теңдеши жок абдан кооз кумпа тургузулмак. Рим чиркөөсүнүн башчысы, папа Юлий 2-нин күмбөзү - сүрөтчүнүн эң мыкты иштеринин бири. Аны мрамордон жасалган эң сонун статуялар кооздоп турат. Алардын арасында библиялык укмуштуу акылман Моисейдин шаңдуу келбети жана колу-буту таңылган туткун эки жигиттин статуялары бар. Эки жигиттин бирөө бүткүл күчүн жыйнап тушоодон бошонуп жатса, экинчиси өлүм алдында жатат. Микеланжелонун сүрөтүндө жеңилген, өлүп бара жаткан адамдарда да сулуулуктун жана күчтүүлүктүн келбети сезилет. Улуу сүрөтчү өзү жөнүндө: Адамдарды дал мендей жан-дили менен сүйгөн адам али туула элек - деп жазган экен.

Чындыгында ал өзүнүн адамдарга болгон сүйүүсүн адамдын эркиндигин жана сулуулугун бекемдеген мыкты өнөр менен далилдеген.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 512, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо