Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мифтер

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Мифтер

Эгер Миф деген сөздү байыркы грек тилинен кыргызчага которсо, анда ал: уламыш, жомок деген маанини билдирет. Мифтер байыркы заманда пайда болгон. Ааламдын мыйзамдарын, табияттын түшүнүксүз кубулуштарынын маанисин жана себептерин туура чечмелеп, түшүндүрө албаган адам кудайды ойлоп таап, жаратылыш менен коомдо болуп жаткандардын баарын кудайдын буйругунан болуп жатат деп түшүндүргөн. Мифтердин сюжеттери ар түрдүү. Адам дүйнөдө болуп жаткан кубулуштардын сырын түшүндүрүүгө аракеттенип, дүйнө, күн, жылдыз, ай, аралдар, адам, жан-жаныбар жана өсүмдүктөрдүн пайда болушу жөнүндө мифтерди ойлоп чыгарган. Бул укумдан-тукумга оозеки түрүндө берилип келаткан фантазиялуу аңгемелерден турган.

Байыркы славяндар күндүн күркүрөгөнүн асмандагы кудуреттүү Перун кудайынын, деңиздин толкуп жатканын деңиз кудайынын каарданганы деп түшүндүрүшкөн. Ошондой эле алар кычыраган кышты териси сөөгүнө жабышкан сараң Кощей, жадыраган жайды күндүн берешен кудайы Ярила жиберип жатат деп ойлошкон. Биздин ата-бабаларыбыздын кыялында адамдын кайраттуулук, эрдик, каардануу, махабат сыяктуу сезимдери адам сыпатында (кээде айбан же жарым-жартылай адам, жарым-жартылай жырткыч сыпатында) болгон. Байыркы замандын элдери өз ойлорунан чыгарган каармандары жөнүндөгү ангемелеринде өздөрүнүн тилек-үмүттөрүн, эңсеген ыйык ойлорун чагылдырышкан. Бул сүрөттө байыркы грек мифтеринин каармандары тартылган.

Адамдарды кудайлардын каарынан коргогон баатыр, эр жүрөк Прометейди кекчил кудайлар чынжыр менен аскага байлап ташташкан. Аты аңызга айланган баатыр Геракл көп баштуу ажыдаар менен салгылашып жатат. Эр жүрөк Ясон жолдоштору менен алтын руно алып келүү үчүн Арго кемесинде Пасейдон кудайдын бууракандаган көк деңизи аркылуу сүзүп баратат. Байыркы адамдар жакшылык менен жамандык, баатырдык менен коркоктук, адилеттүүлүк менен жүзү каралык жөнүндөгү ойлорун мифтер аркылуу билдиришкен. Мифтерди айрым адамдар эмес, бүтүндөй бир муундар, бүткүл эл жараткан.

Адамдар аны улам толуктап, оңдоп, кылымдан-кылымга кайталап айтып келишкен. Ошондуктан мифтердин мазмуну улам барган сайын тереңдеп, көркөмдүк деңгээли жогорулай берген. Ар бир элдин байыркы жомоктору менен уламыштарында ааламдын ички сырларын түшүндүрүүгө болгон аракеттер чагылдырылган. Буга кыргыздын Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулуу, Жети каракчы, Тоотай мерген менен үч аркар, Күкүк менен Зейнеп өңдүү уламыштары мисал боло алат. Мындан башка адамдарга, айбанаттарга, канаттууларга, тоо-таштарга арналган мифтер (уламыш, баян) бар. Бирок миф деген сөздү айтканда байыркы гректер менен римдиктердин оозеки уламыштары эске түшөт. Силер китепканадан Н. Кундун Байыркы Грециянын мифтери жана легендалары деген китепти алсаңар болот.

Ал китептен мээримдүү жана карапайым баатыр Гераклдин он эки эрдиги жөнүндө окусаңар, ага өзүңөр эле берилип каласыңар. Ясон жана анын күч-кубаттуу жолдошторунун Колхиданын (азыркы Грузиянын) жээктерине уюштурган саякаты жөнүндө билесиңер. Акырында силер андан Байыркы Грециянын мифтеринин ичиндеги эң мыктысы, эң сыймыктуусу Прометей жөнүндө мифти окуй аласынар. Бир жолу байыркы гректердин эң башкы кудайы Зевс адамдарга ачуусу келип, адам баласынын тукумун курутмакчы болот. Ошондо алп Прометей адамдарга жардам бермекчи болуп, аларга от тартуулайт.

Ал кудайдан бир учкун от уурдап, аны адамдарга алып келип берет. Прометей адамдарга үй салууну үйрөтүп, алардын кемелерине жел айдагыч кездеме тартып берет. Ал адамдарга чоптон дары жасоону, жер астындагы металлды кантип казып алууну, кантип пайдаланууну үйрөтөт. Адамдарды күчтүү, акылдуу кылып чыгаргандыгына каарын чачкан кудайлар Прометейди каргап, биротоло жарга матап, аны өтө катуу кыйнашат. Кудайлар андан тобо келтирип, адам баласын сүйүүдөн баш тартуусун талап кылышат. Бирок ал багынбай, баш ийбей да койгон.

Адамдар Прометейдин образына акылмандык, туруктуулук, жан аябоочулук жана кайрымдуулук сыяктуу эң мыкты сапаттарды киргизишкен. Адамдар кудайларды дайыма өздөрүнө окшотуп, ойдон чыгарышат. Ал эми мифтерде күзгүдөгүдөй, дал өздөрүн чагылдырышкан. Бирок бир гана жери ошол күзгүдөн көрүнгөн нерсе сыйкырдуу болсо керек, анткени андан бери 3 миң жыл өтсө да, ошондо чагылдырылган образдар ушул күнгө чейин өчпөй жашап келет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 6520, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу