Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мичурин Иван Владимирович (1855-1935)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Мичурин Иван Владимирович (1855-1935)

Ал өмүр бою багбанчылык кылган, өсүмдүктөрдү изилдеп, алардын эң мыкты сортторун чыгарган. Өзү жараткан ар бир өсүмдүккө ал көп убакыт жумшап, талыкпай эмгектенген. Мичуриндин эмгегинин натыйжасында жүзүм, өрүк, шабдалы, алмурут сыяктуу түштүктө гана өсүүчү жемиштерди бир кыйла түндүгүрөөк жакка да өстүрүүгө мүмкүн болгон. Ал ар бир бутакта бир-эки жемиши бар чиени жемиши карагат сыяктуу топтошуп чыгуучу сортко айландырган. Жемишинин дандуулугу чиедей болгон карагат, даамы жүзүмдүкүнө окшош крыжовник өстүргөн. Мичурин өтө көп иш бүтүргөн. Бирок анын негизги эмгеги: билим менен куралданган адам жан аябай иштеп, эмгектенсе чыныгы жаратуучу, өсүмдүктөрдүн табиятын кайра өзгөртүүчү боло тургандыгын иш жүзүндө далилдеген. И. В. Мичурин узак өмүрүндө көп кыйынчылыктарды көргөн, ал бала күнүнөн багбандыкка кызыккан, эр жеткенде Козлов шаарында (азыркы Мичуринск) эң сонун бак өстүргөн. Мичуриндин турмушу оор болгон, бакта талбай кара жумуш иштеген, анын үстүнө күн көрүү үчүн каражат табууга туура келген.

Ошондуктан ал темиржол кеңсесинде кызмат кылып, бош убактысында бакта иштеген. И. В. Мичурин Ата Мекенинин чыныгы патриоту болгон. Америкалыктар аны жемиш бактарынын өтө бай сортторунун коллекциясын бизге саткын, көп акча беребиз, өзүң болсо Америкага көчүп келгин деген сунуштарын айтышат. Бирок Иван Владимирович мындан таптакыр баш тартат. Россия окумуштуунун жетишкен ийгиликтерин тааныбай койгондо да америкалыктардын сунушуна көнгөн эмес. Анткени Мичурин анын эмгеги мекенине керек болоруна ишенген. Анын тилеги ордунан чыккан.

Октябрь ревоюциясынан кийин Мичуриндин питомниги мамлекеттик коргоого алынып, окумуштуунун жемиштүү иштөөсүнө шарттар түзүлгөн.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2570, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо