Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Мезозой заманы (эратемасы)

Мезозой заманы (эратемасы), мезозой (мезо… жана грекче zōе – тиричилик) – стратиграфиялык шкаланын палеозой менен кайнозой аралыгындагы системалардын тобу (эратемасы) жана Жердин геологиялык тарыхындагы ага туура келген заман. Мезозой заманы (эратемасы)мындан 230 млн жыл мурда башталып, узактыгы 163 млн жылга созулган. Терминди англиялык геолог Ж. Филлипс 1841-жылы киргизген. Өз ичинен триас, юра, бор мезгилдеринен турат. Океан ойдуңдары (Тынч океандан башка), азыркы материктердин алган орду. Мезозой заманында (эратемасында) пайда болгон. Бул заманда ургаалдуу бүктөлүүлөр, тоо пайда болуу жана магматизм процесстери жүргөн. Өсүмдүктөрдөн папоротниктер, жылаңач уруктуулар дүркүрөп өскөн. Жабык уруктуулар пайда боло баштаган. Жаныбарлардан сойлоп жүрүүчүлөр өкүм сүргөн. Кийинчерээк сүт эмүүчүлөр, куштар келип чыккан. Күрөң жана таш көмүр, нефть менен газ, темир, боксит, таш туз кендери чөкмөгө айланган. Тынч океандын бүктөлүү аймактарындагы интрузиялар менен алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк, калай кендери тыгыз байланышкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)