Метроэндометрит

Метроэндометрит — жатындын булчуң катмары менен былжыр челинин сезгениши. Ооруну стрептококк, стафилококк, ичеги таякчасы, кээ бир анаэробдуу туберкулёз жана дифтерия таякчалары жана башкалар пайда кылат. Жатында кан айлануунун көпкө бузулушу инфекциянын өөрчүшүнө түрткү берет. М. көбүнчө аборт, төрөт жана этек кир мезгилинде, ошондой эле диагностика жана дарылоо процедураларын жасоодо асептика жана антисептика эрежелерин бузганда жатынга инфекциянын киришинен пайда болот. Оору катуу кармаганда организмдин жалпы реакциясы менен коштолуп, дене ысып, алы кетет, ичтин төмөн жагы ооруп, оору куймулчакка өтөт. Жатынды басып көргөндө жумшак, көлөмү чоң болуп, ооруйт, жатын моюнчасынан ириңдүү ак суюктук көп бөлүнөт. Өнөкөт М-те ириңдүү суюктук бөлүнүп, этек кир цикли бузулат.

Жатын чоңоёт, басып көргөндө катуу болуп, бирок оорубайт. М. төрөттөн 3 — 4 күн өткөндөн кийин байкалат: дене ысып (38,5 — 39,5°), чыйрыгат, тамыры тез-тез кагат. Алы кетип, башы ооруйт, уйкусу качат, тамакка табити тартпайт. Оору 8 —10 күнгө созулат, эгерде 10 күндөн ашып кетсе инфекция жатындын ички бетине тарап, кабылдоосу да мүмкүн. Сезгенүү процесси жанаша органдарга тарайт, кош бойлуу убакта баланын орду сыйрылып, бойдон түшүп калышы мүмкүн.

Бул белгилер байкалары менен тезинен врачка кайрылып, анын көрсөтмөсүн так аткаруу зарыл. Бул ооруну алдын алууда аборттон жана төрөттөн кийин, кош бойлуу убакта өздүк гигиенаны. туура сактоо максатка ылайык.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)