Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Метастаз

Метастаз — оорунун башталган жеринен оору пайда кылуучу агенттердин (микроорганизмдер, шишик клеткалары жана башкалар) кан же лимфа менен келишинен пайда болгон экинчи патологиялык очок. Пайда кылуучу агенттерге жараша инфекциялуу М. жана шишик М-ы, ал эми таралуу жолуна байланыштуу лимфогендүү жана гематогендүү болуп айырмаланат. Азыркы М. түшүнүгү көбүнчө зыяндуу шишик клеткаларынын таралышын билдирет. М-да оору пайда кылуучу агент кан же лимфа агымына түшүп, аны менен жылып келген жеринде оору процесси пайда болот. М-дын темпи, жайылышы ар түрдүү жана шишиктин мүнөзүнө жараша болот. Канга түшкөн шишик клеткаларынын баары М. пайда кылат. М. жалгыздан болсо хирургиялык операция жасап, алынып салынат, ал эми көптөгөн М-ды комплекстүү дарылап, нур менен дарылоо жана химия терапия колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)