Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Метафора

Баш барак | Башкалар | Метафора

Метафора (байыркы грекче μεταφορά «өтмө, өтмө маани», μετά «үстүндө» + φορός «алып жүрүүүчү») — өтмө мааниде колдонулуучу сөз же туюнтма, анын негизинде затты же кубулушту башка нерсенин жалпы белгисинин негизинде салыштыруу жатат. Келгиле анда метафор деген эмне экенин кененирээк билип алалы.

Мазмуну

Термин Аристотелге таандык болуп, анын искусствонун жашоону тууроо түшүнүгү менен байланыштуу. Аристотелдин метафорасы дээрлик гиперболадан (апыртуу), синекдохадан, жөнөкөй салыштыруудан же элестетүү жана окшошуудан айырмаланбайт. Бардык кырдаалдарда кээ бир маанини бир сөздөн экинчи сөзгө өтүүсү болот.

  1. Салыштыруунун колдонгон тарых же образдык (сүрөттөлүштүк) түшүндүрүү түрүндөгү кыйыр билдирүү.
  2. Кандайдыр бир аналогия, окшоштук, салыштыруунун негизинде өтмө мааниде пайдалануучу сөздөрдөн жана билдирүүлөрдөн турган кептин айтылышы.

Кыргызча мисалдар

Метафора пайда болуусу үчүн эки нерселердин же кубулуштардын кесилишкен чекиттерин табуу керек, мисалы:

Булар салыштырмалуу метафоралар болду, бирок салыштыруудан айырмаланган нерселердин туруктуу окшоштуктарын чагылдырган метафоралар да бар, мисалы «мурун» сөзүнө метаформалар:

Ал эми тышкы окшоштуктар негизинде бирдей аталыштагы метафоралар ээ, мисалы, тигүүчү машинанын ийнеси жана хирургиялык ийне, карагайдын жалбырагы (ийнеси) жана кээ бир жаныбарлардын ийнеси (кирпи, жайра).

Ошондой эле адам — жаныбар байланыштары да метафоралуу болот, ушундан улам жаныбар аталыштарындагы адамдардын өтмө маанидеги аттары чыккан: мал, эшек, чочко, түлкү, сагызган, карышкыр, аю, корооз ж. б.

Белгилердин жалпылыгы төмөнкүдөй жактан нерсеге болгон белгилерди өткөрүүлөрдү мүмкүн кылат:

Маанини бир сөздөн экинчи сөзгө өткөрүү, же метафоранын пайда болуусу, алардын окшоштугу менен байланыштуу:

Метафорада 4 «элементти» белгилей кетүүгө болот:

  1. Категория (бөлүм) же контекст
  2. Конкреттүү категориянын ичиндеги объект
  3. Ал объект функцияны кандай ишке ашыруунун процесси
  4. Процесстин реалдуу же аны менен кайчылаш кырдаалдардын тиркелиштери.

Лексикологияда бир полисемантикалык сөздүн маанилеринин маанилик байланышы окшоштугунда негизделген (түзүмдүк, тышкы, функционалдык).

Метафора көп учурда эстетикалык жеке багыт болуп, сөздүн алгачкы маанисин сүрүп чыгарат. Мисалы, Шекспирде айтылгандын алгачкы тиричилик мааниси маанилүү эмес, тескерисинче күтүлбөгөн метафоралык мааниси — жаңы мааниси маанилүү. Бул аристотелдик реализмде тарбияланган Лев Толстойдун дайыма түшүнбөстүгүн жаратчу. Жөнөкөй сөз менен айтканда метафора жашоону гана чагылдырбастан, аны түзөт, жасайт. Мисалы, Гогольдун генерал мундирин кийген майор Ковалёвдун мурду жөн гана элестетилиши, гипербола же салыштыруу эмес, мурда болбогон жаңы мааниси дагы. Футуристтер метафоранын чын өңдүүсүнө эмес, анын алгачкы маанисинен максималдуу алыстоосуна умтулушкан. Мисалы, «колдо бар алтындын баркы жок», түз мааниси — алтының болсо да, аны сатып акча кылмайынча, ал нан болуп бербейт дегендей, ал эми кыйыр мааниси — өзүңдө болгон нерсенин баалуулугу билинбейт дегендей. Изилдөөчүлөр советтик адабиятта салыштырмалуу метафоранын сейрек колдонуусун белгилешет, бирок такыр жок деп айтууга болбойт.

1970-жылдары өзүнүн жышаанында «квадраттагы метафора» же «метаметафора» белгилеген жазуучулар тобу пайда болгон. (Константин Кедров термини).

Метафоранын өзгөчөлүгү тил, сүйлөө жана жалпы маданият өнүгүүсүндө дайыма катышуусу. Бул метафоранын заманбап булактардын жана маалымат таасири алдында калыптануусу, адамдын техникалык жетишкендиктериндеги объектилерди аныктоодо колдонуусу менен байланыштуу.

Түрлөрү

Заманбап метафора теориясында диафора (чукул, карама-каршы метафора) менен эпифораны (адат болгон, жышылган метафора) айырмалоо каралган.

Теориялар

Башка ыкмалардан айырмаланып метафора борбордук орунду ээлейт, анткени, ал жаркын, күтүлбөгөн ассоциацияларда негизделген көлөмдүү образдарды жаратууга мүмкүндүк берет. Метафоранын негизине буюмдардын (нерселердин) белгилерин камтыган ар түрдүү окшоштуктар кириши мүмкүн: түстөр, формалар, көлөмдөр, багытталыштар, абалдар жана башкалар. Мисалы: «букадай экен», «казандын түбүндөй кара», «жыгачтай арык», «үкүдөй үңкүйүп».

Орус лингвисти Арутюнова Нина Давидовнанын классификациясына ылайык метафора кийинкидей бөлүнөт:

  1. Номинативдик, бир дискриптивдик маанинин башкасы менен алмашуусунда турган же омонимийдин булагы катарында кызмат кылгандар.
  2. Образдык метафоралар, фигуралдык маанилерди жана тилдин синонимисттик каражаттарын өнүктүрүүгө кызмат кылган.
  3. Когнитивдик метафоралар, предикаттык сөздөрдүн айкалышуусунун жылыштарынын натыйжасында (маанинин жылышында) жана полисемиянын түзүүсүндө пайда болот.
  4. Генералдаштыруучу метафоралар (когнитивдик метафоранын акыркы жыйынтыгы катары), логикалык ирет жана логикалык полисемиянын жаралуусуна дем берүүчү чектер ортосундагы лексикалык маанидеги сөздөрдү жок кылуучу.

Образдарды жаратуучу метафораларды кененирээк карайлы.

Кеңири мааниде «образ» термини ички дүйнөдөгү тышкы чөйрөнүн чагылышын билдирет. Көркөм чыгармадагы образдар — автордун ойлорун, дүйнө сүрөтүнүн уникалдуу жана жаркын көрүүсү. Жаркын образды жаратуу дээрлик өздүк контрастка ээ болгон, бири-биринен алыс, бирок окшош нерселерди колдонууда негизделген. Нерселердин же кубулуштардын салыштыруусу күтүлбөгөн болуусу үчүн алар жетишээрлик деңгээлде бири-бирине окшош болбошу керек, кээде окшоштуктар ойлонууга өбөлгө түзүп өтө эле маанисиз, билинбеген болушу мүмкүн, же таптакыр болбошу да ыктымал.

Образдын чеги жана түзүмү дээрлик каалагандар болушу мүмкүн: образ сөз, сөз айкаштары, сүйлөм, жогорку фразалык биримдик аркылуу берилиши мүмкүн болуп, бүтүн бөлүмдү же бүтүн романдын композициясын ээлеши ыктымал.

Бирок, метафораларды классификациялоонун башка көз караштары да бар. Мисалга, Дж. Лакофф жана М. Джонсон убакыт жана мейкиндик тууралуу каралуучу метафоранын эки түрүн белгилешет: онтологиялык, башкача айтканда, окуяларды, иш-аракеттерди, эмоцияларды, идеяларды жана башкаларды кандайдыр бир субстанция катары көрсөтө алган метафоралар (акыл — бул маңыз [the mind is an entity], акыл — назик нерсе [the mind is a fragile thing]), жана ориентацияланган, же ориентациондук, башкача айтканда, башка терминде бир концептти аныктабаган, бирок бири-бирине болгон мамиледе бардык концепттер системасын уюштурган метафора (бакыт келди, кайгы кетти [happy is up, sad is down]; акыл эс жогору, аң-сезим төмөн [conscious is up, unconscious is down]).

Джордж Лакофф өзүнүн «The Contemporary Theory of Metaphor» ишинде метафораны түзүүнүн ыкмалары жана бул каражаттын курамындагы көркөм ачыктык жөнүндө айткан. Лакоффтун теориясы боюнча метафора прозаикалык же поэтикалык туюнтма болуп, концепт болгон сөз (же бир нече сөз) ушул сыяктуу концептти билдирүү үчүн түз эмес маанисинде колдонулат. Лакофф, Майкл Реддинин «The Conduit Metaphor» ишине шилтеме кылып, прозаикалык же поэтикалык сүйлөөдө метафора тилден тышкары, ойдо, элестетүүдө жатат деп жазган, ал эми Редди болсо бул ишинде тескерисинче метафора проза жана поэзияда эмес, тилдин өзүндө, күнүмдүк сүйлөөдө жатат деген. Ошондой эле Редди «сүйлөөчү сөздөргө идеяларды (объекттерди) салып угуучуга жөнөтөт, ал эми ал сөздөрдөн идея/объектилерди алып чыгат» деп ырастайт. Бул идея Дж. Лакофф жана М. Джонсондун «Биз жашаган метафоралар» аттуу изилдөөсүндө чагылдырылат. Метафоралык түшүнүктөр системдүү келет, «метафора тилдин бир чөйрөсү менен гана чектелбейт, башкача айтканда сөздөрдүн чөйрөсү менен: адамдын ойлонуу процесси олуттуу деңгээлде метафоралуу. Метафоралар тил туюнтмалары катары адамдын түшүнүк системасында метафоралардын болгону үчүн гана мүмкүн болот».

Көп учурда метафора көркөм планда чындыкты так чагылдыруу ыкмаларынын бири катары каралат. Ошентсе да, советтик лингвист Илья Романович Гальперин «бул тактык түшүнүгү өтө эле салыштырмалуу. Абстракттык түшүнүктүн конкреттүү образын жараткан дал ушул метафора реалдуу билдирүүлөрдүн түрдүү түшүндүрүлүшүнө мүмкүндүк берет» дейт.

Метафора баамдалып, башка тил көрүнүштөрүнөн бөлүнүп жана баяндалган соң, дароо анын ача дээри жөнүндө суроо пайда болгон: тилдин каражаты жана поэтикалык фигура болуу. Поэтикалык метафорага тилдикти каршы салыштырган биринчи адам Швейцариялык лингвист Шарль Балли болгон, ал тилдин жалпы метафоралуулугун көрсөткөн.

Жайгаштыруу: 2016-08-08, Көрүүлөр: 22797, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-12-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо