Метаболизм

Метаболизм 2 процесстен турат: анаболизм (ассимиляция) жана катаболизм (диссимиляция).

Метаболизм анаболизм + катаболизм

Анаболизм – бул организмдин сырткы чөйрөдөгү өзүнө керектүү заттарды сиңирип алуусу жана керектөөсү.

Катаболизм – заттардын организмде жөнөкөй заттарга ажыроосу жана сыртка бөлүнүп чыгуусу. Бул учурда энергия бөлүнүп чыгат.

Энергиянын негизги алып жүрүүчүсү – электрон болуп эсептелет. Демек, организмдеги биологиялык кычкылдануу процессинин жүрүшүндө электрондорго кармалган энергия бошонот (бул жерде электрон катары д ж-дө айтылып жатат)

2Н2 + О - - - - - - 2Н+ + О-2 - - - -- Н2О + 237 кДж/моль. организмдеги минералдык заттар тоют жана суу аркылуу келет. Эң керектүү минералдык кошулмаларга хлордуу натрий (туз), бор, фосфору бар кычкыл туздар жана микроэлементтер: кобальт, жез, темир, марганец, цинк, селен, фтор жана башка кирет.

Хлордуу натрий кандын осмостук басымын кармап турат (90%). Темирдин 60-70% кан геминин курамына кирет. Сүт эмүүчүлөрдүн сөөктөрүнүн 30% күл, ушунун ичинде 36% кальций, 17% фосфор, 0,8% магний. Жаныбарлардын организми микроэлементтердин белгилүү бир өлчөмүнө муктаж болушат.

Калий көпчүлүк ферменттик системалардын активатору катары иштейт.

Кальций жаныбарлардан чыккан күлдүн негизги бөлүгү, себеби сөөктүн курамына кирет. Кальцийдин иондору клетканын мембранасынын өтүмдүүлүгүн жогорулатат. Магний организмдин терморегуляциясына катышат. Фосфор сөөк менен тиш ткандарынын негизги заты жана нуклеотиддердин компоненти. Хлор анион катары организмдеги осмос басымын жөндөп турат. Күкүрт белокту түзгөн амин к-талардын курамына кирет.

Микроэлементтерден: марганец организмдеги ферменттик системаларды активдештирет, жаныбарлардын тукум берүүсүндө чоң мааниге ээ. Марганец жетишсиз болсо, сөөк пайда кылуу процесси төмөндөйт. Ошондой эле жумурткалардын сырткы кабыгынын бекемдиги азаят. Жез кан эритроциттеринин пайда болуусуна катышат. Цинк РНК татаал белогунун синтезин күчөтөт. Йод тироксин менен триодитронин гормондорунун синтезине катышат, демек организмдеги зат алмашууну иреттейт. Кобальт витамини В12 (кобаламин) курамына кирет.

Комментариев: 1 RSS

1 Нурзада 26-07-2018 13:30

Эн керектуу пайдалуулар бар экен рахмат!

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)