Мессбауэрдик спектроскопия

Мессбауэрдик спектроскопия, гамма – резонанстык спектроскопия (ГРС), – мессбауэрдин эффектисине негизделет. Ал дүүлүккөн радиоактивдүү ядронун монохроматык гамма нурлануусунун таасиринде байкалат. Нурланган зат ядросу дүүлүккөн абалга өтүүчү жыштыкка, нурлантуунун жыштыгы туура келгенде, гамма - кванттык резонанстык сиңирүү ишке ашат. Бул жыштыктын чоңдугу, электрондук курчоодогу сиңирүүчү ядро өтө күчтүү өз ара аракеттенүүсүнө жараша болот. Г. с. жардамы менен электрондук тыгыздык, анын ассиметриясы ошондой эле g-нур чыгаруусуз эмиссия жана резонанстык сиңирүү байкалуучу Fe, Sn, Eu, Zn, J ж. у. с. атомдорго жакын жайгашкан органикалык топтор структуралык мүнөздөмөсү ж-дө маалыматтарды алууга болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)