Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Менталдык арифметика

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Менталдык арифметика

Саламатсызбы, урматтуу окурмандар! Бүгүнкү күндө гениалдуу болуу өтө жөнөкөй. Эгер мурда ал үчүн талант, укмуштуу мүмкүнчүлүктөр керек болсо, азыркы заманда атайын ыкма менен жасалган машыгуулар жетиштүү. Эгер балаңыз калькулятор сыяктуу эсептегенди, математикадагы билимин өркүндөтүүнү кааласаңыз, анда япониялыктар чыгарган математиканы үйрөнүүнүн ыкмасы менен таанышып алуу ашык болбойт. "Менталдык арифметика", бул эмне? аны менен үйдө иштесе болобу?

Менталдык арифметика, бул эмне?
Менталдык арифметика - бул тез эсептөөгө үйрөнүүнүн байыркы ыкмасы. Бирок, бүгүнкү күндө мугалимдер муну колдонуп, тез эсептегенди гана эмес, ойлонууну өнүктүрүүгө да аракет кылышууда. Бул мнемоника аталган сөздөрдү тез эстеп калуу ыкмасына кичине окшошуп кетет, бирок мында так сандар катышмакчы.

Келгиле менталдык арифметика жөнүндө кичине кененирээк билип алалы. Ыкманын өзү баш мээнин эки жарым шарларын бирдей иштетүүгө такалат. Сол жак мээ логикага, сүйлөөгө, анализ, рационалдуулука жооп берет, оң жак мээ болсо - кыялдарга, элестетүүгө, спонтандуулукка жооп берет. Эки мээни тең иштетүү менен укмуштуудай ийгиликтерге жетүү болот.

Менталдык арифметикага үйрөнүү кандай жүрөт?
Менталдык арифметикага үйрөнүү 4 жаштан 16 жашка чейинки балдар окуган атайын мектептерде жүргүзүлөт. Окуу мезгилинде окуучулар 10-12 баскычтан турган деңгээлдерден өтөт, ар бир баскыч 3-4 айга созулат. Сабактар жумасына 1-2 жолу болот. Натыйжада 1-1,5 жылда бала акылы менен 4-5 орундуу сандардан турган ар кандай эсептерди эсептей алат.

Окутуу илгерги счет-машинкага окшогон - абакус аттуу куралдын жардамы менен өтөт. Абакус, бул менталдык арифметикага үйрөтүүчү негизги курал. Алгач, бала сөөктөрдү эки колунун жардамы менен жылдырып, физикалык жакштан иштөөгө үйрөнөт.

Акырындык менен абакыс элестин бир бөлүгү болуп калыптана баштайт. Натыйжада, балдар элестетилген эсепчиге толук таянып, эсептей баштайт. Балаңыз максаттуу, туруктуу, өз алдынча болууну кааласаңыз "менталдык арифметика" айтылган сапаттарды дагы өнүктүрөт.

Тилекке каршы менталдык арифметиканы үйрөткөн мектептерде, билим алууга акы алышат, жана бул акы азырынча абдан жогору. Ушул жерден суроо туулат, менталдык арифметикага үйдөн үйрөнсө болобу? Илимдин өнүгүүсүнүн бул денгээлинде ал абдан оор болот. Атайын жана жалпыга жеткиликтүү маалымат жокко эсе. Анын үстүнө абакусту дагы табуу оорураак. Ыкманы так билбей туруп окутуу, пайда алып келбестен зыянга учуратып коюшу мүмкүн. Ошондуктан акча төлөгөндөрдүн балдары гана гений болуп чыгышы мүмкүн. Сабактардан кийин балдарга үй тапшырма берилет. Негизинен, бул өтүлгөндөрдү бекемдөө үчүн берилген мисалдар баракчасы.

Бул программадагы кандай жакшы жактарын көрдүк?

Бирок баары эле ушундай сонунбу?
Белгилүү болгондой баланын өнүгүүсүндө баары эле жакшы боло бербейт экен. Көптөгөн балдар чындыгында мээси менен тез эсептей баштайт, бирок мектептеги башка сабактардан, кээде математикадан дагы эч кандай жылыштар сезилбейт экен. Мындай билдирүүлөр көп болгон. Эмнеге андай болуп жатат? Же япондуктан өзүнүн эсептеринде жана байкоолорунда туура эмес айтып жатышабы?

Көрсө, менталдык арифметика ыкмасы балдардын ойлоосунда ар кандай чагылдырылат экен. Кээ бир баланын эки мээси тең иштеп, ошол эле учурда кээ бирөөнүкү сол мээси таптакыр иштебей (активдүү болбой) калат экен.

Натыйжада бала мисалдарды бир гана автоматтык түрдө эсептейт. Качан иш татаалыраак тапшырмаларга келгенде, чыгаруунун жүрүшүн таппай, логикалык баскычтарды калыбына келтире албайт калат экен. Мээде бир гана жылаңач эсептөөлөр калат, ал эми аны кайда жана кантип колдонууну бала билбейт.

Көп нерсе окутуунун сапатынан дагы көз каранды. Бул ыкма япон ыкмасы болгондуктан, Кыргызстанда аны толук киргизүүгө али көп бар. Балким ушундан улам натыйжалар канаатандырбай жатса керек.

Кээ бир мектептердин мугалимдери бул ыкмага жаңы бизнес-проект сыяктуу мамиле жасайт. Алардын көйгөйү - ата-энелерден окутууга көбүрөөк акча алуу, билим сапаты болсо эч кимге кереги жок. Бала бат эсептегенди үйрөнөт, бирок аларды кайда жана кантип колдонууну билбейт.

Тилекке каршы, гений балдарды окуутуу ыкмаларына жана машыгууларга таянып тарбиялоого умтулуу фиаского алып келүүдө. Албетте, жогорку натыйжаларга жетет, бирок жаш инсан андан канчалык зыян тартышы мүмкүн? Күч-аракетти гармониялуу психикалык өнүгүүгө буруу жакшыраак го?

Эми, урматтуу, ата-энелер, "менталдык арифметика" деген эмне экенин кичине болсо да маалымат алдыңыз, тандоо Сизде!

Эгер макала жакса, досторуңар менен бөлүшүүнү унутпаңыз. Көрүшкөнчө.

Жайгаштыруу: 2018-03-12, Көрүүлөр: 1708, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-12
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу