Мен жана менин укугум

Ар бир адам жарык дүйнөгө келгенден баштап ар түрдүү укуктарга ээ. Анын бардыгы эл аралык коомчулук аркылуу кабыл алынган Адамдардын укуктары декларациясында жазылган. Таң калычтуу, бирок адам затына өзүнүн укуктарын түшүнүп жана аны бекитүү үчүн жүздөгөн жылдар талап кылынган. Бирок, ал укуктар ушунчалык жөнөкөй жана ачык. Эгер дүйнөдөгү бардык адамдар өзүнүн жана башка бирөөнүн укуктарын сыйласа жер шарында адилетсиздик, ар кандай түшүнбөстүк бир кыйла азаят.

Адамдын башкы жана биринчи укугу - бул жашоого болгон укугу. Бул укук бардыгына бирдей жана ыйык. Ошондой эле ар бир адам өз жашоосун жөн эле жашабастан, татыктуу жашаганга укуктуу. Башкача айтканда, бир адам экинчисин моралдык да, физикалык да жактан кемсинтпөөсү керек. Эч ким эч кимди урбашы, коркутпашы, кайсы бир нерсеге мажбурлабоосу керек. Анткени адам жеке кадыр-баркка жана эркиндикке укуктуу. Ошондуктан адам эркин тандоого дагы укуктуу, кайда барып окуйт, кайда иштейт, кимди сүйөт мунун баары адамдын жеке укугу.

Албетте, ар бир адам дагы бир укукка ээ бул - жеке мүлккө болгон укук. Адам табияты ушундай экен, үй болобу, автомобиль болобу же каалаган башка нерсе болобу эгер ал нерселер адамдын жеке мүлкү болсо, эч ким аны тартып алууга укугу жок.

Өкмөт жана анын мыйзамдары адам укуктарын коргошу керек. Бирок көбүн эсе адамдарга өз укуктарын өкмөттөн жана анын кээ бир адилетсиз башкаруучуларынан коргоого туура келет. 70-80 жыл мурун эле биздин өлкөдө жаман көзүң менен карап койгонго эле адамдар атууга кетишчү. Ошол эле Европада улуттун тазалыгы үчүн ден-соолугу начар аялдарга төрөгөнгө тыюуу салынчу.

Айтылган мезгилдердин өтүп кеткендиги абдан жакшы, адам заты кичине болсо дагы акылдуу жана адилеттүү боло баштады. Бирок адам укуктары толугу менен сакталууда деп айтуу дагы болбойт, биздин өлкөдө дагы. Кээде бай адамдарга укуктар кеңейип, ал эми социалдык деңгээли төмөн адамдарга укуктар азыраак берилгендей сезилет.

Жеке менин оюмча, ар бир адам өзүнүн укуктарын ашап чаап колдонбой элеби же өзүнүн укуктары бузулбай элеби, өзү карашы керек. Жана албетте, өзү өзүнүн укуктары үчүн күрөшүүсү зарыл. Ошондой эле жана башкысы, башка адамдардын укуктарын өзүнүн укуктарындай эле сыйлоо. Ошондо өлкөнү укуктуу өлкө деп атоого татыктуу болот го?...

1948-жылдын 10-декабрында БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган. Бул адам тарыхындагы бирден-бир маанилүү окуя болгон, анткени адам укуктарынын декларациясын кабыл алуу мамлекет менен анын жарандарынын ортосундагы мамилелердин жаңы доорунун башаты болуп калган. Укуктук өлкөлөрдүн бардык тарыхын эки мезгилге бөлсө болот: биринчи мезгил 1948-жылга чейинки мезгил. Албетте, адам укуктарынын жалпы декларациясы, ошондой эле ага байланышкан документтер мурда эле Сократ, Платон, Фома Аквинский деген атактуу ойчулдар түптөп коюшкан. Көп жагынан учурдагы укуктук өлкөнүн модели өзүнүн пайда болуусуна Рим республикасына милдеттүү. Азыркы мезгилдин адамына байыркы дүйнөдөгү рим укуктарынын пайда болуусу эле кызыктай көрүнүшү мүмкүн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)