Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Мектеп жашына чейинки баланын өнүгүүсүнө жалпы мүнөздөмө

Мектеп жашына чейинки бала мурунку курактагы бөбөктүн жетишкендиктеринин, мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде өнүгүүнүн жаңы мезгилине өтөт. Бул куракта баланын дене түзүлүшүндө сапаттуу өзгөрүүлөр болуп, анын сөөгү ката баштайт, бирок омурка сөөктөрү жумшак, ийкемдүү келет, булчуңдары чыңала баштайт. Мектеп жашына чейинки куракта баланын кыймылы эрте жаш курактагы бөбөккө караганда багыттуулугу, ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Бирок бул куракта баланын сөөгү толук катып, жетилбегендиктен чоңдор алардын кыймыл аракетин контролдоп, этият мамиле жасап, ар кандай аракеттерди өздөштүрүүсүнө шарт түзүшү керек.

Бул курактагы баланын аракети татаалдашып өзгөрөт, дене түзүлүшүн, нерв системасынын өнүгүү шарты эрте жаш курактагы бөбөккө салыштырганда маанилүү түрдө айырмаланат. Нерв системасынын иши ургаал өнүгөт, алты жашар баланын мээсинин салмагы 1350 граммга жетет. Мектеп жашына чейинки куракта шарттуу рефлекстердин өнүгүүсү тездейт, убактылуу байланыштардын татаал системасы түзүлө баштайт.

Тартип, токтоолуктун, физиологиялык негизи катары шарттуу тормоздоонун өнүгүүсү байкалат. II сигналдык системанын ишинин өнүгүүсүнүн натыйжасында бала чоңдордун сөз инструкциясына, түшүндүрүүсүнө, талабына байланыштуу өзүнүн жүрүм-турумун контролдоп жөнгө салууга көнүгөт. Нерв системасынын ишинин өнүгүүсү менен катар баланын өнүгүүсүндө ар кандай жаңы шарттар пайда боло баштайт. Эрте жаш курактагы бөбөктө өз алдынчалыктын активдүүлүккө өтүшү жашоонун кийинки этабында, мектеп жашына чейинки куракта психикасынын өнүгүү шарты жана эрк аракеттеринин калыптанышынын өбөлгөсү катары кызмат кылат. Бул курактагы баланын өнүгүүсүндө пайда болгон карама-каршылыктар анын психикасынын өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчү боло алат.

Чоң кишилердин мамилесине болгон керектөөнүн натыйжасында мектеп жашына чейинки балада таанып-билүүдөгү жөндөмдүүлүк, керектөөлөр өнүгөт. Баланын карым-катнашка болгон керектөөсүнүн жардамы менен социалдык тажрыйба өздөштүрүлөт. Чоң кишилердин мамилесинде болгон керектөөнүн натыйжасында балада таанып-билүүдөгү жөндөмдүүлүк өнүгөт. Ал эми кыймыл-аракетке болгон керектөө көптөгөн ык жана көнүгүүлөрдүн системасын калыптандыруунун шарты. Мектеп жашына чейинки бала өтө сезимтал келет, бул куракта анын аң сезиминин өнүгүүсү менен катар жүрүм-турумунун өзгөчөлүгү түзүлө баштагандыктан бул мезгил инсандын калыптанышынын баштапкы этабы катары каралат.

Бул куракта баланын психикасынын мындан ары өнүгүүсү өтүп, ар кандай психикалык процесстер – туюу, кабыл алуу, эс, ой процесси, элес жана чыгармачылык ургаал өнүгөт. Бала акырындык менен белгиленген максаттын негизинде аң-сезимдүү аракеттенүүгө үйрөнөт. Мектеп жашына чейинки баланын психикасынын өнүгүүсүндө негизги социалдык керектөөлөрдүн ар бири өз алдынча мааниге ээ. Баланын өнүгүүсүндө социалдык кырдаал өзгөчө мүнөздөлөт.

Курбалдаштары менен мамиле түзүү ар дайым алардын чөйрөсүндө болуу баланын инсан катары калыптанышында маанилүү орунга ээ. Баланын айлана-чөйрөгө карата болгон мамилеси, өз алдынчалыгы кеңейип, бул чоңдор менен болгон карым-катнашты өркүндөтөт. Бул жаш куракта сүйлөө катнаш түзүүнүн негизги каражаты катары кызмат кылат. Төрт-беш жашар балдар чоң кишилерге көптөгөн суроолор менен кайрылашат. Алар: "Түн кайда кетет? Эмне үчүн ай бизди ээрчийт?

Жылдыздар эмнеден жасалган?"- деген сыяктуу суроолор аркылуу түшүнүктөрдү тактап билгиси келет. Бала чоң кишилердин жообун угуп, түшүнүү менен чектелбестен, алардан өзүнө өнөгү, курбалдашы катары олуттуу мамилени талап кылат. Бала менен чоң кишилердин мындай кызматташтыгы таанып-билүүдөгү мамиле деп аталат.

Эгерде бала менен мындай мамиле түзүлбөсө, анда аларда кежирдик жана өжөрдүк сыяктуу терс сапаттар пайда болот. Бул жаш куракта мамиленин дагы бир инсандык формасы түзүлөт. Бала чоң кишилер менен өздөрүнүн жана башкалардын жүрүм-турумун нравалык норманын негизинде активдүү анализдөөгө умтулат.

Бирок мындай багытта аңгемелешүү үчүн балада өнүгүүнүн жогорку деңгээли зарыл. Мамиле түзүүнүн мындай формасында бала өнөктүктөн баш тартып, өзү окуучунун абалында болуп, чоңдорго мугалимдин ролун ыйгарат. Инсандык мамиледе баланы мектептеги окууга, чоң кишилерди угуп, мугалимдин айткандарын сезгичтик менен кабыл алып өздөштүрүүгө эффективдүү даярдайт. Ал чоң кишилерди угуп тарбиячынын айткандарын кабыл алып, өздөштүрүүгө умтулат. Курбалдаштары менен мамиле түзүүгө болгон керектөө баланын инсан катары калыптанышынын шарты.

Балдарда мамиленин ар кандай формасы пайда болот. Ошондуктан балдар мекемесинде болгон алгачкы күнүнөн баштап бала жардамдашуунун, кызматташ болуунун оң тажрыйбасына ээ болуусу маанилүү. Беш-алты жашар бала бирдиктүү аракетте кызматташ болуунун төмөнкү формаларын өздөштүрөт:-аракеттерин макулдашат жана аны багыттап жөнгө салат;-өнөгүнүн аракетин контролдойт, анын катасын оңдойт;-өнөгүнүн ишинин бир бөлүгүн аткарууга жардамдашат;-өнөгүнүн эскертүүсүн кабыл алып, өзүнүн катасын оңдойт;-белгилүү бир операцияны өнөгү менен бирге аткарат;Биргелешкен иш-аракетте бала курбалдаштары менен бирдиктүү аракеттенип, макул болуп, баш ийүүнүн тажрыйбасына ээ болот.

Мектеп жашына чейинки баланын жетекчи болууга умтулуусу жетекчилик позициясы менен мүнөздөлбөстөн анын аракетинде эмоционалдык мамиле менен аныкталат. Бул куракта бала жетекчи болууга аң-сезимдүү түрдө умтулбайт, аларда мамиле түзүүнүн ыктарынын өнүгүүсү уланат. Мектеп жашына чейинки куракта мамиле түзүүнүн ыктарынын өнүгүүсү өзгөрүп калыптанат. Мамиле түзүүнүн эң алгачкы генетикалык формасы – тууроо пайда болот.

А. В.Запорожец баланын эркин түрдө тууроосу коомдук тажрыйбаны өздөштүрүүнүн негизги жолу деп белгилейт. Мектеп жашына чейинки балада тууроонун мүнөзү өзгөрөт. Эгерде төрт жашар бала чоңдордун, курбалдаштарынын жүрүм-турумунун айрым формаларын окшоштуруп туураса, беш-алты жашар бала жүрүм-турумду жөн гана туурабастан, ал аң-сезимдүү түрдө анын үлгүсүн, нормасын өздөштүрүп чагылдырат.

Баланын өнүгүү деңгээлине жашоо шарты тарбиялоо, иш-аракеттин ар кандай түрүн өздөштүрүүсү таасир тийгизет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)