Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Мектеп жашына чейинки баланын акыл-эсинин өнүгүүсү

Бөбөктүн дүйнөнү таанып-билип, өздөштүрүүсүндө туюу өзгөчө мааниге ээ. Кичинекей бөбөк сезүү органдарына таасир эткен заттардын жана кубулуштардын айрым касиеттерин түзөт. Бир жашка чейинки жана эрте жаш курактагы бөбөктө анализаторлор толук түзүлө баштайт. Көрүү, угуу анализаторлорунун иши жана бөбөктүн сезимталдыгы, туюунун пайда болушунда өзгөчө мааниге ээ. Анткени, заттардын түсүн, даамды, жытты, кыймыл аракетти туюу белгилүү анализаторлордун ишине, сенсордук өнүгүүгө байланыштуу өтөт. Мектеп жашына чейинки курак сенсордук өнүгүүнүн, мейкиндиктеги заттардын жана кубулуштардын касиеттерин чагылдыруунун мезгили. Сенсордук өнүгүү – туюунун, кабыл алуунун, элестетүүнүн өркүндөп өрчүшү.



Сенсордук өнүгүү анын байланыштуу эки жагын: заттардын жана кубулуштардын ар түрдүү касиетин жана мамилесин элестетип өздөштүрүүнү ошондой эле кабыл алууга, туюуга мүмкүндүк берген, кабыл алуунун жаңы аракеттерине ээ болуусун камтыйт. Бир жашка чейинки бөбөктүн кабыл алуусунун өнүгүүсүндө заттар менен практикалык аракетенүү негизги шарт болот. Эрте жаш куракта баланын кабыл алуусунда заттардын формасы маанилүү болуп, кабыл алуунун өнүгүүсүнө таасир этет Мектеп жашына чейинки бала, эрте жаш курактагы бөбөктөн айырмаланып, кабыл алган заттарды жана кубулуштарды толугураак чагылдырат.



Бул куракта балада заттарды үлгү катары пайдалануу сенсордук тажрыйбаны жыйынтыктоонун натыйжасы болуп, жалпы сенсордук эталон катары кызмат кылат. Сенсордук эталон адам баласы тарабынан иштелип чыккан заттардын негизги касиетин жана мамилесин чен бирдик катары көрсөтөт. Алар заттардын түсү, көлөмү, формасы, мейкиндиктеги абалы, убакыт ж. б. Бул эталондор адамзаттын тарыхый өнүгүүсүндө пайда болуп, адамдар тарабынан үлгү, чен бирдик катары пайдаланылып ылайык келген касиеттерди аныктайт. Бала туюунун, кабыл алуунун өнүгүүсүнүн натыйжасында түшүнүп өздөштүрүүчү аракеттерге ээ болот, объектини көрө билүү менен анын сенсордук касиетин, мамилесин, жалпы үлгүсүн бөлүп берет. Мектеп жашына чейинки баланын сенсордук эталонду өздөштүрүүсү балдар бакчасынын программалык талабына ылайык геометриялык фигураларды жана түстөрдү таанып-билүүсүнөн башталат.



Бул куракта бала үчүн үч бурчтук, төрт бурчтук, айлана ар кандай түстөр сенсордук эталон болот. Сенсордук эталондор активдүү иш-аракетте калыптанат. Сүрөт тартууда бала ар кандай түстөгү боёкторду ажыратып тактаса, конструкциялоодо кубиктерди пайдаланып үч бурчтук, тик бурчтук, төрт бурчтуктардын ар кандай чоңдуктагы элементин түшүнүп өздөштүрөт. Сенсордук эталондорду өздөштүрүү кабыл алуу аракеттеринин натыйжасында, заттардын касиетин, түсүн, формасын, көлөмүн таанып, көрө билүүдө пайда болуп активдешет. Эң алгач үч жашар бала үлгү боюнча берилген боёкторду эталон катары алат.



Мисалы, сары түс боюнча ошол түстөгү оюнчуктарды, кызыл түстүү объектилерди да өзүнчө окшоштуруп тандайт. Иш-аракеттин татаалдашынын натыйжасында бала заттардын формасынын жана түсүнүн эталондорун өздөштүрөт. Төрт беш жашар бала бул эталондорду толук өздөштүрүп иш-аракетте алардын сапаттуу өзгөчөлүгүн, өз ара мамилесин заттардын мазмуну менен бирдикте кабыл алат. Мисалы, үч бурчтукту тигилген чатырга окшоштуруу.



Сенсордук эталондорду өздөштүрүүнүн натыйжасында жалаң гана түстөрдү, заттардын формасын таанып-билүү менен чектелбестен сөздөгү тыбышты жана тыбыштардын бийиктигин угуунун тактыгы, заттардын салмагын баамдоо маанилүү түрдө айкындалат. Баланы сенсордук эталондор менен тааныштыруу мектеп жашына чейинки куракта активдешет. Бул куракта бала боёктун түстөрүн геометриялык фигураларды кабыл алуу менен чектелбестен, салыштырмалуу түстөрдү, фигуралардын өзгөрүү кырдаалын да өздөштүрөт. Мисалы, кызыл-кызгылт түс же төрт бурчтукту квадрат катары кабыл алуу.



Мектеп жашына чейинки баланы ырааттуулукта ар түрдүү сенсордук эталондор менен тааныштыруу жана аларды системалаштыруу сенсордук тарбиянын негизги милдеттеринин бири. Мындай тааныштырууда баланын аракетин уюштуруу анын негизги каражаты. Баланын сенсордук эталондорду өздөштүрүүсү касиеттерин таанып-билүүнүн бир жагы болсо, бул өзгөчөлүк менен байланыштуу өтүүчү кабыл алуу аракеттеринин өркүндөшү анын экинчи жагы. Кабыл алуунун аракеттери алгач эрте жаш куракта пайда болот, бирок бул аракеттер жеткиликтүү өнүкпөгөндүктөн заттардын образын, формасын, түсүн, көлөмүн бөбөк так кабыл алып чагылдыра албайт.



Бул мезгилде бөбөк заттардын касиетин ажыратып кабыл албастан, алар менен жөн гана зат катары аракеттенет. Үч – төрт жашар бөбөккө берилген үлгү боюнча "дарбаза" же башка нерсени тургузуу милдети белгиленсе бала бул кубиктерди максаттуу пайдаланбагандыктан кабыл алуу аракеттери байкалбайт. В. С.Мухина өзүнүн изилдөөсүнүн негизинде кабыл алуу аракеттеринин өзгөрүшүндө мектеп жашына чейинки баланын заттар менен таанышуу өзгөчөлүгүн белгилейт. Үч жашар бөбөк жаңы заттар жөнүндө чоң кишилерден түшүнүк алып, аны кармалап көрсө, төрт жашар бала затты карап анан кармап көрөт, бирок мындай аракет иретсиз өтөт. Беш-алты жашар бала затты ыраттуу өздөштүрүп, анын өзгөчөлүгүн сүрөттөп айтат.



Мектепке барар алдында бала затты системалуу карап, анын касиетин көрүү аркылуу кабыл алуусу эффективдүү өтөт.Мектепке чейинки куракта кабыл алууда аракеттердин 3 негизги түрү түзүлөт:-Аракеттердин бирдейлиги;-Аракеттерди эталонго ылайыкташтыруу;-Аракеттерди моделдештирүү (үлгүсүн иштеп чыгуу);Бул аракеттердин айырмачылыгы кабыл алынуучу заттардын касиеттерин ажырата билүүдө аныкталат. Кабыл алынуучу заттар касиети эталон менен окшош болгондо бирдей аракеттер аткарылат. Мисалы, топтун формасынын тегерек сызыкка туура келиши, экөөнү теңештирүүдөгү аракет. Аракеттерди эталонго ылайыкташтырууда анын айрым өзгөчөлүктөрү окшоштугу жана айырмачылыгы кабыл алынат.



Мисалы, алманы сүйрү же тегерек форма менен салыштырып, айрым айырмачылыктарын ажырата билүү. Бир эле убакытта объектилердин касиеттерин кабыл алууда бир же эки эталонду пайдалануу. Мисалы, короо жайы бар үйдүн сүрөтүн тартканда балага үйдүн чатыры трапеция сыяктуу, короонун ичи тик бурчтук формасында деп салыштырмалуу түшүндүрүп көрсөткөндө ал аны сүрөткө түшүрүүдө кабыл алуунун бир нече эталондорун пайдаланатда, анын акыл-аракеттери активдешет. Кабыл алуунун аракеттери атайын заттардын касиетин сенсордук эталонго ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүгү мүнөздөлөт. Сенсордук тарбия көркөм чыгармачылык иш-аракетте, музыканын күүлөрүн кабыл алууда да маанилүү.



Заттарды жана алардын касиеттерин өздөштүрүүдө баланын кабыл алуу аракеттери ар кандай багытта өтөт. Атап айтканда заттарды мейкиндикте кабыл алуу элестетүүдөн мурун пайда болуп түзүлөт. Мейкиндикте заттын көлөмү, формасы жана алар белгилүү аралыкта кабыл алынат. Мейкиндикти кабыл алууда бала алыс жакын, алды жакта, оң сол жагында деген түшүнүктөрдү кабыл алып өздөштүргөнгө чейин тигил жакта, бул жерде деген сөздөрдү салыштырмалуу пайдаланат. Мейкиндикте заттардын ортосунда аралыкты кабыл алып аныктоодо иш-аракет маанилүү орунга ээ. Мектепке барар алдында бала "жанында", "ортосунда" ж. б. түшүнүктөрдү колдонуп, заттардын жайгашкан аралыгын кабыл алып, өздөштүрөт.



Мектеп жашына чейинки балада убакытты кабыл алууга үйрөнүү практикалык ишке өтөт. Балада убакыт жөнүндө бүгүн, эртең, кечээ, күн, саат, сутка деген убакыт эталонун аныктаган түшүнүктөр пайда болот. Убакыт эталондорун өздөштүрүүдө бала өзүнүн түшүнүктөрүнө таянат.



Эртең менен жуунам, түштө уктайм ж. б. Көп убакта балдар "эртең", "кечээ", "бүгүн" деген убакыт эталондорун алмаштырат. Мисалы, төрт жашар бала эртең менин туулган күнүм өттү деп өткөн күндү туура эмес алмаштырып түшүндүрөт. Убакытты кабыл алууда бала жөнөкөй көрсөткүчтөргө таянат. Мисалы, балдар бакчасындагы режим, уктап турганда апам менен үйгө кетем ж. б. Мектеп жашына чейинки балада убакытты туура кабыл алууда алардын тажрыйбасынын, атайын эталондордун жетишсиздиги байкалат. Убакыт эталондорун өздөштүрүү баланын практикалык иш-аракетинде жай өтүүчү процесс.



Баланын кабыл алуусу практиканын жана атайын уюшулган окутуунун негизинде өтөт. Чоңдор балага айлана-чөйрөнү таанып-билүүнүн жолун үйрөтөт. Мунун негизинде бала сенсордук эталондордун системасын өздөштүрөт.



Ойлоонун өнүгүүсү. Ойлоо – бул психологияда эң негизги (проблемалардын) көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Ойлоо адамда даяр түрдө берилбестен объективдүү чындыкты таанып-билүүнүн негизинде пайда болот. Бул процесстин өнүгүүсүндө анын өнүгүү шартын жана өнүгүү булагын ажырата билүү зарыл.



Айлана-чөйрөнүн таасири, тарбия ойлоонун өнүгүү шарты, ал эми өнүгүүдө пайда болгон ички карама-каршылык анын булагы болот. Мектеп жашына чейинки курактагы балада ойлоонун өнүгүүсүндө интеллектуалдуу иш-аракеттин жаңы формасынын пайда болушу жана анын мазмунун өзгөрүшү өз ара байланыштуу каралат. Белгиленген милдетти өткөрүүдө таанып-билүүнүн өтүшү балада ойдун пайда болушун мүнөздөйт. Ойдун мындай өзгөчөлүгүн Н. Н.Ладыгина-Котс жана А. Н.Леонтьев ж. б. изилдешкен.



Баланын өнүгүү процессинде, билимдерди өздөштүрүүсүндө ар түрдүү жаңы иш-аракет жана карым-катнаштын татаал формасы пайда болот. "Мектепке чейинки курак – аны курчап турган адамдар дүйнөсүнүн ачыла баштаган мезгили ", - деп жазган А. Н.Леонтьев. Бала өзүнүн иш-аракетинде айрыкча оюнда оюнчуктарды кармап көрүү аракетинен анын заттык маанилүү формасын өздөштүрүүгө өтөт.



Ал заттар менен аракетенүүдө, адамдардын иш-аракетинин өзгөчөлүгүн чагылдырат. Иш-аракеттин чөйрөсүнүн кеңейиши жана анын формасынын татаалдашы баланын ойлоосуна таасир этип, интеллектуалдуу өнүгүүсүнүн сапаттуу деңгээлге жетүүсүнө шарт түзөт. Ойлоонун өнүгүүсү эң алгач бир жаштын аягында, эки жаштын башында байкалат. Буту баса баштаган бөбөктүн аракеттеринин өркүндөшү, сүйлөө речине ээ болушу анын таанып-билүү иш-аракетине таасир этет. Ар кандай заттарды, оюнчуктарды кармалап көрүү менен бала аракеттерди өздөштүрүп, заттардын касиетин таанып билип жөнөкөй аракеттерди аткарууга үйрөнөт.



Белгиленген милдеттердин көргөзмөлүү мүнөзү жана аны аткаруудагы практикалык аракеттер эрте жаш курактагы бөбөктүн ойлоосунун өзгөчөлүгү катары каралат. Көргөзмөлүү – аракеттенүү ойлоонун генетикалык алгачкы формасы. Эрте жаш курактагы бөбөктө ойдун көрсөтмөлүү-аракетенүү формасын психологдор Л. С.Выготский, А. А.Люблинская, А. В.Запорожец, Л. И.Божович ж. б. илимий-эксперименталдык планда изилдешкен. Л. С.Выготский ойлоонун пайда болуш механизмин, өзгөчөлүгүн аныктаган. А. А.Люблинская өзүнүн изилдөөсүндө эрте жаш курактагы бөбөктүн ойлоосунун өнүгүүсүндө анын практикалык аракеттерди өздөштүрүүсүнүн өзгөчөлүгүн ачып көрсөткөн.



Ал үч жашар бөбөктөргө жасалма аянтачада, жалпак фигураларды бириктирип үйдү же башка өздөрү каалаган оюнчуктарджы жасоону сунуш кылганда, алар фигураларды максатсыз туш келди бириктирүүгө аракеттенишкен. Фигруалардан болжолдуу образды түзгөндө, ага аябай кубанышып, мындай өзгөчөлүк алардын практикалык аракетти өздөштүрүүсү катары мүнөздөлөт. Аракеттерди аткарууда сөз көрсөтмөсү, речтик айтуулар баланын ой процессине таасир этет. Эрте жаш курактагы бөбөктүн сүйлөөнү түшүнүп өздөштүрүүсүнө байланыштуу анын ойлоосу эки планда өтөт.



Биринчиден, иш-аракетте практикалык аракеттердин активдүүлүгү мүнөздүү. Экинчиден, речтик планда баланын речке ээ болуусуна байланыштуу ойлоонун негизин түзөт. Бул мезгилде баланын активдүүлүгү зарыл, ал оюн түрүндө багытталат. Оюн ойлоонун алгачкы мектеби катары мүнөздөлөт.



Демек, эрте жаш курактагы бөбөктө ойлоонун өнүгүүсүнүн негизи пайда болот. Заттар менен болгон практикалык аракеттердин таасири астында алгачкы жалпылап корутундулоо калыптана баштайт. Бул курактагы бөбөктүн практикалык аракеттерди өздөштүрүүсү жана оюн иш аракети анын ойлоосунун өнүгүүсүнүн шарты. Заттарды касиети же белгилүү тобу балага сырткы каражат катары берилгенде баалуу түшүнүк пайда болот. Мисалы, узундукту ченеш үчүн бала тилке кагазды чен бирдик катары пайдаланат.



Ченөө учурунда бала эң алгач болжолдуу сырткы аракеттерди аткарат. Практикалык аракеттерди аткарууда баланын ой процессинин өнүгүүсү сүйлөө менен байланыштуу өтөт, анткени ар кандай аракеттер, сөздүн жардамы менен такталат, пландаштырылат. Үч жашында баланын речи пландаштыруучу функцияны аткарбастан, практикалык аракеттер менен бирге өтөт.



Белгиленген аракеттер түшүнүктүн алгачкы пайда болушун мүнөздөйт, бирок бала аракеттерди аткаруунун жолун кайрадан элестете албайт. Эрте жаш курактагы бөбөктө ойдун практикалык формасынын эки өзгөчөлүгү байкалат: - тапшырмалардын балага көргөзмөлүү берилиши; - аны аткарууда балада практикалык аракеттердин пайда болушу; Мектеп жашына чейинки куракта ойдун аракеттенүү формасы маанилүү орунга ээ. Бул куракта баланын таанып-билүү чөйрөсү кеңири ой жүгүртүүсү активдешет. Төрт жашар бала практикалык аракеттерди аткаруунун жолун кабыл алып, элестетет.



Мектеп жашына чейинки бала кубулуштардын ички себебин заттын өзгөчөлүгү менен байланыштуу түшүнө баштайт. Бала алгачкы аракетинде чоңдорго кайрылып, сүйлөөнүн таасири астында практикалык жана интеллектуалдуу милдеттерди чечүүгө үйрөнөт. Баланын түшүнүктү өздөштүрүүсү акыл аракетин активдештирет. Заттардын жалпы жана айрым касиеттери кубулуштар жөнүндө билимге ээ болууда баланын ойлоосунун өнүгүү жолунун психологиялык механизминин өзгөчөлүгү байкалат. Мектеп жашына чейинки бала практикалык аракеттерди аткарууда заттардын татаал байланыштарын түшүндүрүүгө умтулуп, аракеттерди сүйлөө аркылуу пландаштырат.



Алар белгилүү практикалык милдеттерди чечүүдө ар кандай ыкмаларды пайдаланып, ой жүгүртүп, пландаштыруу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Мектеп жашына чейинки баланын акыл аракеттеринин жана ойдун жаңы ыкмаларына ээ болуусунун негизинде ой процесси маанилүү түрдө өзгөрүп жаңы баскычка өтөт. Образдуу ойлоо мектеп жашына чейинки баланын ойлоосунун негизги түрү. Анын эң жөнөкөй формасы эрте жаш курактагы бөбөктүн заттар менен аракеттенүүсүндө байкалат.



Н. Н.Поддъяков образдуу ойдун өзгөчөлүгүн изилдеп, аракеттенүүнүн негизи катары балада аракеттердин натыйжасы жөнүндө түшүнүктү пайда кылып, калыптандыруу маанилүү деп көрсөткөн. Мектеп жашына чейинки курактын алгачкы мезгилинде бөбөк заттар менен аракеттенүүдө аларды жылдырып же пайдалануу ыкмаларын өздөштүрөт. Бала иш-аракеттин татаалдашынын натыйжасында бир эле убакытта бир нече кубулуштардын байланышын көрө билүүгө умтулат. Мисалы, бала топ ойногондо аны тоголотот, тосуп алат, мындай оюн аракети образдуу ойдун пайда болуу өбөлгөсү.



Оюн иш-аракетинде бир нече практикалык аракеттин аткарылышы образдуу ойдун пайда болуш шарты катары белгиленет. В. С.Мухина, А. А.Люблинская өздөрүнүн изилдөөлөрүндө мектеп жашына чейинки балада образдуу ойдун өнүгүүсү, иш-аракетте белгиленген милдеттерди аткарууда баланын ээ болгон билимине жана тажрыйбасына байланыштуу деп көрсөтүшкөн. Бул куракта аракеттердин ички планда калыптаныш өзгөчөлүгү бала өзүнүн аракеттерин белгилүү ченемге же эталонго салыштырып өздөштүрүүсү менен түшүндүрүлөт. Г. И.Минская илимий изилдөөнүн негизинде мектеп жашына чейинки баланын ойлоосу көрсөтмөлүү аракеттен, образдуулукка андан логикалуу түрүнө өтүү мезгили экендигин белгилеген.



Ойлоонун белгилеген түрлөрүнүн өнүгүүсү заттардын маанисин түшүнүп, таанып-билүүнүн активдешүүсүнө шарт түзөт. Ой процессинин айрым өзгөчө өнүгүүсү жана анын ар бир мурунку деңгээлинин пайда болуп өнүгүүсү кийинки деңгээлинин калыптанышында маанилүү орунга ээ. Ой процесси көрсөтмөлүү аракеттен образдуулукка өтөт. Кийинчерээк образдуу ойлоонун негизинде образдуу-схемалык звено түзүлөт, бул логикалуу ойлоого өтүүнүн өбөлгөсү. Образдуу схемалык ойдун өнүгүүсүнүн натыйжасында бала заттардын ортосундагы мамилени жана алардын касиетин белгилеп, чагылдырууда бала сөздү ойдун каражаты катары пайдаланып, адамдар тарабынан иштелип чыккан түшүнүктөрдү өздөштүрөт. Сөздү өздөштүрүү менен баланын ойлоосу татаалдашып, ой жүгүртүү, ой корутундусу, аналитико-синтетикалык процесстердин өзгөчөлүгү байкалат.



Мектеп жашына чейинки балдардын ойлоосу ой жүгүртүү формасында чагылдырат. Болжол менен төрт жашар балада ойлоонун логикалуу формасы байкалат, бирок белгиленген милдеттерди чечүүдө, анын себебин түшүндүрүүдө ой жүгүртүү татаалдашат. Мисалы, кагаздан жасалган кайыкты көргөндө бала ал сууга чөкпөйт деп белгилейт, бирок себебин түшүндүрө албайт.



Беш жаштагы балдар кубулуштардын, буюмдардын маанилүү сапаттарын корутундулоого умтулушат. Мисалы, алча, алма, алмурут – баары мөмө жемиш деп белгилешет. Мындай ой корутундусу баланын түшүнүгүнө, билимине байланыштуу өтөт.



А. А.Люблинская, А. В.Запорожец, О. М.Концевая өздөрүнүн изилдөөлөрүндө беш-алты жашар баланы заттарды байкоого, алардын айырмачылыгын салыштырып көрө билүүгө үйрөтүүнүн натыйжасында логикалуу ойлоонун көнүгүүсү маанилүү түрдө өзгөрөт, деп аныкташкан. Заттардын, кубулуштардын айырмачылыгы, өз ара байланышын, маанилүү өзгөчөлүктөрүн ажыратып көрө билүү балада логикалуу ойлоонун өнүгүүсүнүн негизги шарты. Мындай өзгөчөлүк төрт-алты жашар балдардын заттардын ортосундагы айырмачылыгын, анын туура эмес жактарын кабыл алып, түшүндүрүүсү Ж. Жумалиеванын илмий изилдөөсүндө анализденген. Эксперименттин жүрүшүндө балага оюнчук суу чачкычты берүү менен, белгилүү аралыкта туура эмес суу чачкычты жайгаштырып көрсөткөндө төрт жашар бала эки түрдүү суу чачкычты карап "бул туура эмес эки кармагычы бар" деп белгилейт. Бул куракта бала аларды салыштырып, ой жүгүртүп туура эмес суу чачкычтын айрым өзгөчөлүктөрүн логикалуу түшүндүрүп берүүгө даяр эместиги мүнөздүү.



Беш жашар бала эки башка суу чачкычты салыштырып, айырмачылыгынсаноо, атоо менен чектелсе, алты жашар бала ой жүгүртүп, аларды салыштырып өз түшүнүгүн айтат жана анын туура эталондуу образын түзөт. Бала заттарды көрүү аркылуу кабыл алып, салыштырыпөз оюн үстүртөн чагылдырат же кеңири түшүндүрөт. Демек, төрт жашар балада белгиленген милдеттердин чечилишинде өз түшүнүгүн логикалуу чагылдырууга жеткиликтүү даяр эместиги менен мүнөздүү. Экинчи бир учурда төрт – беш жаштагы балдарга "Жоор аттын үстүндө өнгөн коон" деген апыртманы окуп, көркөм сүрөтүн көрсөткөндө төрт жашар балдарда окуянын сүрөттөлүшү кызыктырып, эмоционалдуу абал пайда болсо, алар окуяны кандайдыр бир чындык катары кабыл алышса, беш жашар балдар "Аттын үстүнө коон өспөйт" деп кыска үстүнөн түшүндүрөт, алты жашар балдар "Окуя жаңылыш жазылган, атты дарылаш керек, коон талаада, бакчада өсөт" деген түшүнүктү ой жүгүртүп чечмелөөгө аракеттенишет. Белгиленген эксперименттин негизинде мектеп жашына чейинки баланын логикалуу ойлоосунун өнүгүүсү анын жаш курагына, милдеттердин белгиленишине, билимине, түшүнүгүнө байланыштуу деп айта алабыз.



Төрт беш жашар балдар заттардын, окуянын ички себептерин түшүндүрүп, аны көрө билүүгө, анализдеп ой жүгүртүүгө үйрөтүүнүн натыйжасында аларда ойдун логикалуу формасын калыптандыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ойлоонун мазмуну өзгөрүп, бала практикалык аракетте, логикалуу ойлоо деңгээлине жетет. Демек, мектеп жашына чейинки баланын ойлоосунун өнүгүүсүндө анын алгач билими, кабыл алуусу, түшүнүгү өз таасирин тийгизет. Ойлоонун өнүгүүсү билимди корутундулоо, ой жүгүртүү аракетинде өтөт. Мектеп жашына чейинки баланы окутууда ар кандай ыкмаларды салыштыруу, үлгүнү колдонуу, түшүндүрүү ж. б. акыл аракеттерин өстүрөт.



Ойлоонун өнүгүүсү сүйлөө менен байланыштуу, анткени алар өз ара шартталган. Баланын кызыгуусу, ойлоо жөндөмдүүлүгүн өстүрүү шарты.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)