Мектеп жашына чейинки балада эмгек жана окуу иш-аракеттеринин өзгөчөлүгү

Мектеп жашына чейинки балада эмгек жана окуу иш-аракеттери эң жогорку формада өнүкпөйт. Бул курактын башында баланын психикасынын өнүгүүсү белгилүү деңгээлге жеткендиктен сүйлөө речин, кыймылдуулугун, сенсордук жактан өнүгүүсүн, бир катар интеллектуалдуу ыктарды калыптандырууда эмгек жана окуу иш-аракеттеринин элементтерин киргизүү маанилүү орунга ээ. Эң алгач бала эмгек иш-аракетинде чоң кишилердин жардамы менен эмгек ыкмаларды өздөштүрөт жана эрк аракеттери, нравалык сезимдер калыптана баштайт. Эмгек иш-аракетинде бала өзүнүн ишин пландаштырып аткарууга көнүгөт, бирок айрым учурда пайда болгон кыйынчылыктарды багыттап жөнгө салуу татаалдашат. Мындай учурда балада аң сезимдүү мамиленин пайда болушу алардын эмгекке болгон кызыгуусун өнүктүрөт.

Ошондой эле бала эмгектин түрлөрүн, операцияларын өздөштүрүп эмгек ыктарына ээ болуп көнүөт. Балада аракеттердин максаттуулугу, эрктүүлүгү өнүгүп, эрк аракеттери артып, кызыгуусу, байкагычтыгы калыптанат. Мектеп жашына чейинки баланы эмгек иш-аракетине катыштырып, аны чоң кишилердин дайым багыттап жөнгө салышы алардын психикасынын өнүгүүсүнүн шарты.

Баланын белгилүү максатка жетүүдө аткарган практикалык аракеттери эмгек иш-аракетинин мазмунун мүнөздөйт. Эмгек баланын акылынын, нравлык сапаттарынын, интеллектуалдуу билиминин, жөндөмдүүлүгүнүн өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ.А. И.Сорокина көнүгүүлөрдү, ыктарды өздөштүрүүдө эмгектин төмөндөгүдөй компоненттерин ачып көрсөткөн:-билимди пайдалануу;-максаттын аң-сезимдүүлүгү;-эмгек аракеттерин пландаштырып, ой жүгүртүү;-эмгектин натыйжасын текшерип баалоо-зарыл практикалык аракеттерди аткаруу;Эмгек иш-аракетинин белгиленген компоненттери акыл операциясынын аткарылышын талап кылат. Баланын эмгек иш-аракетин уюштурууда, төмөндөгүдөй негизги талаптарды эске алуу зарылчылыгы белгиленген:1. Эмгек баланын жаш өзгөчөлүгүнө жана психологиялык мүмкүнчүлүгүнө шайкеш келүүгө тийиш.2. Эмгек иш-аракетинин маанисинин жана максатынын тактыгы зарыл.3. Балага эмгектин коомдук маанисин түшүндүрүп, оң эмоционалдык мамиленин калыптанышы.4. Эмгек иш-аракетинде канаттануу, эмгектенүүгө көнүгүп, анын ыктарын үйрөнүп өздөштүрүшү.

Эмгек иш-аракетинин мотиви бала үчүн коомдук маанилүү максатын иш жүзүнө ашырууда байкалат. Беш-алты жашар бала эмгектенүүгө кызыгып, чоң адамдар менен жалпы пайдалуу эмгекке катышат. Эмгек куралы, аны пайдалана билүүгө үйрөтүүчү билимдер эмгек иш-аракетинин каражаты болот. Туура уюштурулган эмгек балада эмоционалдык канаттанууну, кубанычты пайда кылат, курбалдаштары менен активдүү эмгектенүүгө үйрөтөт. Демек эмгек уюшулган иш-аракет катары баланы өнүктүрүүчү мааниге ээ. Мектеп жашына чейинки баланын психикасынын өнүгүүсүндө жана инсан катары калыптанышында эмгек иш-аракети менен тыгыз байланышта болгон окуу иш-аракетинин мааниси чоң. Окуу иш-аракетинин негизги өзгөчөлүгү – анын максаты, жаңы билимдерди, көнүгүүлөрдү, ыктарды өздөштүрүүсү жана узакка созулган эмгекти талап кылышы.

Кичинекей бөбөктүн сызыктарды чиймеленгени жөн гана оюн аракетин мүнөздөсө, ошол эле сызыктарды түз, туура түшүргөнгө көнүгүүсү окуу иш-аракетинин элементин чагылдырат. Баланын билимдердин системасын өздөштүрүүсү окуу иш-аракетинин мазмуну жана психологиялык өзгөчөлүгү катары каралат. Баланын акыл ишмердүүлүгүнүн активдүүлүгүн туура уюштуруу, жекече жөндөмдүүлүгүн, кызыгуусун эске алуу окутуунун эффективдүүлүгүн камсыз кылат.

Окуу иш-аракетинде төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөр мүнөздүү: 1. Окутууда программалык талапка ылайык билимдердин деңгээли, көлөмү, мазмуну аныкталат.2. Окуу иш-аракетинин өнүктүрүүчү мүнөздө болушу.3. Баланын акыл ишмердүүлүгүн окутуунун негизги формасы катары белгилөө.А. Н.Леонтьев окуу иш-аракетинин маанилүү эки жагын, анын мотивин жана ички түзүлүшүн белгилеген. Окутууда бала белгиленген максатка ылайык жаңы билимдерге, бир катар интеллектуалдуу ыктарга ээ болуп, сенсордук жактан өнүгүп жетилет.

Баланын чоң кишилердин талабына жасаган мамилеси окутуунун мүнөзүн аныктоодо негизги роль ойнойт. Мектеп жашына чейинки бала бул талаптарды өздөштүрүп аларды өзүнүн милдети, максаты катары кабыл алууга үйрөнөт. Мектеп жашына чейинки баланын окуудагы ийгилиги белгилүү шарттардын болушуна, окуу процессин уюштуруп өткөрүүгө байланыштуу өтөт. Айрыкча окутуунун билим берүүчү функциясы балдарга билим берүү милдеттерин чечүү, анын белгилүү жолун жана каражаттарын иштеп чыгуу менен аныкталат.

Бул татаал процесс, анткени окутууну бир жактуу кароо мүмкүн эмес. Бала окуу иш-аракетинде белгиленген милдеттерди кабыл алып, аны аткарууда ар кандай ыктарды жана каражаттарды активдүү пайдалануусу таанып-билүүнүн өнүгүү шарты. Мектеп жашына чейинки курактын аяк ченинде бала окуу милдеттерин түшүнүп, иш-аракетти аткарууда айрым каражаттарды, ыктарды өздөштүрүүгө ээ болуп өзүн-өзү контролдоп, таанып-билүү сферасы өнүгөт.

Бул куракта окуу жана тарбиянын таасири астында бардык психикалык процесстер ургаал өтөт. Мындай өзгөчөлүк сенсордук өнүгүүгө да тиешелүү. Мектеп жашына чейинки куракта бала кубулуштарды салыштырып, ой жүгүртүүгө, кайра чагылдырууга көнүгөт. Муну менен катар балада аракеттердин максаттуулугу, эрктүүлүгү өнүгүп, байкагычтыгы калыптанат.

Мектеп жашына чейинки баланы окутуу эки талапты канаттандырыш керек: - Баланын окуусун мектептеги окууга жакындатуу. - Баланын окутуунун программасы анын кызыгуусунун жана керектөөсүнүн талабына жооп берүүгө тийиш. Окуу иш-аракетинин ички түзүлүшү жана мотивдеринин пайда болушу мектептеги окууга байланыштуу каралат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)