Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мектеп жашына чейинки бала

Мектепке чейинки мезгил 3 жаштан 6 жашка чейин созулат. Бул убакытта бала айлана-чөйрөгө абдан кызыгып, билүүгө умтулат. Ал чоң кишилерге бул эмне, эмне үчүн деген суроолорду көп берет. Эгерде бул учурда чоң киши балага жакшы жооп бербей, кагып-силкип койсо, анда анын кызыкчылыгы жоголот. Ар бир бала кичинекей чагынан эле оюнга кызыгат. Кээ бир ата-энелер балдардын оюнуна, өзгөчө үйдө тыюу салышат, бир жерде олтуруп ойноого буйрук беришет.

Бул туура эмес. Балдардын оюнуна эч качан тыюу салууга болбойт. Ар түрдүү оюндар, өзгөчө кыймылдуу оюндар баланын ден - соолугун чыңайт, болочок чоң кишинин мүнөзүн тарбиялайт. Эркек балдар үчүн кыймылдуу оюндар мүнөздүү.

Мисалы: күрөшүү, кармашуу, оодарыш, футбол жана башкалар. Мындай оюндардан баланы баш тарттырбоо керек. Бул оюндар баланы эр жүрөктүүлүккө, жеңишке жетишүүгө жана тырышчаактыкка үйрөтөт.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1399, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо