Мекке

Мекке (араб. مكة Макка, مكة المكرّمة Макка ал-Муккаррама) — Сауд Арабиясынын батыш бөлүгүндө, Кызыл деңизден 100 км дей алыстыкта жайгашкан шаар. Мусулмандардын сыйынуучу борбор жери (караңыз, Ажылык). Мусулман эместерге Меккеге кирүүгө тыюу салынган.

Мекке — мусулмандардын ыйык шаары. 630 жылы Мухаммед пайгамбар баштаган мадиналык мусулман жамаааты Меккеге кирип, шаардагылар ыктыярдуу багынып берип, исламды кабыл алышкан. Ошондон бери Мекке шаары ыйык Каабасы менен жалпы мусулмандардын диний борбору болуп, мусулмандар кай жерде болбосун Меккеге жүзүн буруп намаз окуй башташкан.

Меккеде Аль-Харам мечити жана Кааба жайгашкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)