Мейманалиев Тилек Сагынбекович

Мейманалиев Тилек Сагынбекович 8. 9. 1951-жылы туулган, Талас областы, Киров (азыр Манас) району, Покровка айылы – кардиолог, медицина илимдеринин доктору (1987), профессор (1991). Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1984). КММИни бүтүргөн (1975). Кыргыз кардиология ИИИде кенже, улук илимий кызматкер (1976–80), КММИде ассистент, кафедра башчысы (1985–97), Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары (1997–99), министри (1999–2001) 1-орун басары (2002– 05), Борбордук Азияда ИЖОСту көзөмөлдөө боюнча долбоордун аткаруучу директору (2005–10), 2010-жылдан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа бюросунда кеңешчи. Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1996). Кардиология, ички оорулар жана саламаттык сактоону уюштуруу боюнча адис. 160тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 15 монографиясы бар. Эмгектери: Профилактическая горная медицина. Ф., 1987, Об этике здоровья. Б., 1991, Высокогорная кардиология (в соавторстве). Ф., 1994, Высокогорная легочная гипертония (в соавторстве). Б., 1996.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)