Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Мейиз

Мейиз – кургатылган жүзүм. Ал уруксуз (кишмиш) жана уруктуу, жемиши ири, кабыгы жука, 20%тен кем эмес канты бар жүзүм сортторунан (ак кишмиш, кара кишмиш, нимранг, ризамат ж. б.) даярдалат. Жүзүм шиңгили менен (20–30 күн) кургатылат же атайын щелочтун (0,2– 0,4%түү) ысык эритмесинде бир нече секунда кармап, анан 7–10 күн же щелочтун эритмесине салгандан кийин күкүрттүү газ менен ыштап (1–1,5 с), анан көлөкөдө төрт тарабында тешиктери бар желдетилүүчү жайда 4–8 жума кургатылат. Жүзүм сортуна, даярдоо жана кургатуу ыкмасына карата мейиз бидана, сабза, саяки, шигани, гармиан, авлон болуп айырмаланат. Мейизде (кургак затына карай) 80–85% кант, 0,5–3% органикалык кислоталар, 2,3% азоттуу заттар ж. б. болот. Мейиз кондитер жана нан бышыруу өнөр жайында жана тамак-ашка колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)